www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул каарманымдын чыгармачылык чыйыр жолу ары татаал, ары кызыктуу. Эгер көрүүчү профессионалдуулуктун тартибинде коюлган концерт менен кошо жашап көрсө, анда ошол кесипкөйдүн эмгеги. Мыкты жетекчинин күчтүүлүгүн мындан билгиле, ал кандай кырдаалга туш келбесин өзүнүн иш билги мүнөзү менен жеңип кете алат. Ийгилик мүмкүнчүлүктү ишке ашыруудан көз каранды. Иш жүзүнө ашкан мүмкүнчүлүк кайра-кайра жаңы ийгиликти чакырат. Ошентип, ийгиликтин арты менен зоболоң бийиктегени бийиктеген. Бүгүн биз менен маекте КРнын эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова.
- Саламатсызбы Гүлшайыр айым, кымындай таштын дагы тарыхы болот демекчи, сиз түптөгөн “Кыз-Бурак” тобу канча этапты басып өттү?
- Кудайдын буйругу экен 1976-жылы түзүлгөн “Кыз-Бурак” тобу 40 жылда татыктуу тарыхый жолдо баратат. Чыгармачылыктан 40 жылдык сапарында ар кандай кырдаалды баштан өткөрүп, оор-жеңил, өйдө-ылдый, жарык-караңгы, ачуу-таттуу дегендей жашообузда кездешкен түркүн өмүр белестерин кабыл алып, татаал кубанычтуу, даңазалуу, жеңиштүү жылдарды басып өттүк. Өргө чыгып өйдөлөдүк, ылдый түшүп чөгөлөдүк, айтор, турмуштун оор-жеңилин көрүп, сыноолорунан өттүк. Бүгүнкү 40 жылдык юбилей-мааракебизге жеттик. “Кыз-Буракта” 18 курам кыздар эмгектенди. 350 кыз тарбияланып, “Кыз-Бурак” мектебинде таланттарын такшалтып, өнөр сырын үйрөтүп, жашоого да бышып, аялзатына тиещелүү асыл сапаттар менен дагы тарбияланышты десек дагы болот. Бүгүнкү күнү 20дан ашык кыздар шоу бизнесте үзүрлүү эмгектенип жатышат.
- Гүлшайыр эже, чыгармачылыктын чыныгы кулу бул дүйнөгө кокусунан келбейт экен…
- Чыгармачылыктын чыныгы кулу болуш сыймыктуу өмүр деп айтсак болот. Түмөн-түйшүк эмгек сарпталып, машакаты көп күндөр баракталып, уйкусуз чарчоого толгон күндөр коштогон мээнет өзүнүн жемишин берет. Тек гана тынымсыз күрөшүү болуу абзел. Алга умтулуу, изденүүнүн артынан ийгиликтердин бийик чокуга акырындык менен чыгып келген чыгармачылыктын чыныгы кулу болду. Ак эмгектин артынан элдин арзуусуна, алкоосуна, мактоосуна ээ болду.
- Бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырсак бүгүнкүгө чыккынчылык кылган менен барабар экен. Бир иштин аягына чыккан аялзаты катары тааныйбыз, өзүңүз арыла албай жүргөн сапаттарыңыз бардыр...
- Көктүгүм, өжөрлүгүм, кайратым, иштермандыгым, талаптуулугум, тактыгым, изденүүм, жаратмандыгым бүгүнкү ийгиликке жетелеп келди. Бир ишти баштасам майын чыгарыпбүтүрмөйүн жүрөк түпкүрүндөгү адатым. Ушул адатым көптөгөн жетишкендиктерди жаратууга көмөкчү болду. Жагымсыз адаттарым бар, бирок алар жалпы ишимдин жүрүшүнө таасир деле бере албайт. Ишенчээктигимдин азабын далай көрдүм. Бирок Кудай бар, баарын жеңип келебиз.
- Мыкты талант менен адамгерчиликти алып жүрүү кыйынбы?
- Мыкты талант менен адамгерчиликти алып жүрүү кыйын деле эмес. Көрөңгө бай, жүрөк таза, пейлиң кенен, жөнөкөйлүк жолдошуң болсо, мыкты таланттын өсүшүнө өбөлгө болот. Бой көтөрүү, менменсинүү, текеберлик, теңсинбөө ж.б.у.с. тарбиясыз, көрөңгөсүз адамдын протатиби. Тилекке каршы мындай адамдар да жок эмес...
- Адам болуу апанын тарбиясынан башталат экен, эне мээрими сиз үчүн...
- Эне мээрими мен үчүн эң кымбат, эң назик, эч нерсеге алмаштыргыс, асыл, ажайып сезим. Эне мээримине сугарылган, каныккан перзент, эч убакта эч кимге жамандык кылбайт. Эне мээримин алган бөбөк табиятынан таза, чынчыл, чыгаан перзенттердин башатын түптөйт. Баладагы баалуулук, чынчылдык, эр жүрөктүүлүк, жакшылыктарды сүйүү, сактоо дал ушул эне мээриминен башталат. Мен дагы бала дегенде эки колун көтөрүп, балдарды жакшы көргөн аялдардардын катарындамын. Балдарыбыз биздин, мамлекетибиздин келечеги!
- Өмүр өткөн күндөр эмес, эсте калган күндөр дейт, жалындаган жаштык кезиңизди эске салгым келди...
- Жалындаган жаштык кезим мектептеги курагымдан башталып, түптөлүп мени турмуштун сапарында азыр деле коштоп жүрөт. Оюнкараак, шамдагай, шайдоот, кыялкеч, жаратман Гүлшайыр окуусун гана макталып окубастан, мектептеги коомдук иштердин да активдүү катышуучусу болгон. Өздүк көркөм чыгармачылык ийримдерине катышуу менен спорттун активдүү тарапкери болуп окуучулардын эң алдыңкы сабында болгондугумду ар дайым эстеймин. Окуяларга бай студенттик кезим мурдагы Маяковский атындагы кыз-келиндер пединституту, азыркы Арабаев университетинде өттү. Дарыядай ашып-ташып аккан жаштык кез, чыгармачылык калыптануу, адамдык асыл сапаттардын өнүгүшү, күрдөөлдүү музыка дүйнөсүндөгү жашоо, маданиятка аралашуу ошол студенттик күндөрүмө тиешелүү.
- Уулду тарбиялаганың бир үй-бүлөнү тарбиялаганга барабар болсо, кызды тарбиялаганын ааламды тарбиялаганың деген кыргызда жакшы сөз бар, саны? кызды тарбиялаш кандай болду?
- Ооба, кыздарды тарбиялоо бир чети оор, бир чети кызыктуу. Ар кандай үй-бүлөдө тарбияланып, ар кандай жашоо ураанын көтөрүп жүргөн кыздардын башын бириктирүү өтө чоң эмгекти талап кылат Мен канча жолу “болду эми кыздар менен иштегенди токтотом”-дегеним менен эл алдындагы милдетим аткарылбай кала тургансып, ачуум таркаган соң, кайра эле ишти баштапушул күндөргө жетип олтурам. Алардын оюн таап, көңүлүн буруп, бир максатка жетелеш үчүн болоттой нерв, темирдей катуу мүнөз, пилдей көтөрүмдүүлүк керек. Анан албетте күндөй акак мээрим, гүлдөй назик көңүл энелик камкордук керек.
- Жүрөк толтосуна сиңимдүү мукамдуу кайрыктарыңыз бар, сизге жакшы обон кайсы учурда келет?
- Илхом ар дайым, ар кандай учурларда келе берет. Илхом мезгилди, учурду, кырдаалды тандабайт. Толгоо келип калса кайсы жерде болбосун обон чыгат, аны эстеп калуу, нотага түшүрүү менен көкүрөккө сактап калабыз. 150гө жакын обон жаздым. 40 чактысын эстрада жылдыздары 50гө жакынын “Кыз-Бурак” тобу ырдап элге жеткирди. Обондуу китебимдин 3 жолу чыгардым. Жакында “Сезим ырлары” деген обондуу китебим жарыкка чыкты.
- “Кыз-Бурактын” ыр тандоо табити дагы өзгөчө, кайсы акын жана обончулар менен иштешип келесиздер?
- Элдин жүрөгүнө жакын сезимдеринен орун алчу ырларды тандайбыз. Айрыкча биздин көрүүчүлөр, угуучулар 7 жаштан 70 жашка чейинкилер болгондуктан ошол жаштагылардын баарысы уга турган чыгармаларды жаратууга аракеттенебиз. Өзүмдүн обондорумдан сырткары репертуарыбызда Т.Казаков, Б.Тургунбаев, Х.Азиреткулов, М.Бегалиев өңдүү обончу-композиторлордун чыгармалары да кездешет.
- “Кыз-Бурактын” эртеңки концерти туурасында токтоло кетсеңиз...
- Быйыл “Кыз-Бурак” тобу 43 жашка толду. Ар кандай себептер менен 40 жылдыгыбызды быйыл өткөрүп жатабыз. Жакында 10-11-ноябрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда “Кыз-Бурактын” 40 жылдык юбилей-мааракеси өткөрүлөт. Той концертте “Кыз-Бурактын” аздыр-көптүр элизге таанылган 40 кызы өз өнөрлөрүн тартуулашат. Албетте, алыскы-жакынкы өлкөлөрдүн, ата-мекендик эстрада жылдыздары коштогон өзгөчө концерт болот. Концерттин жүрүшүндө баалуу белектер ойнотулат. Албетте көрүүчүлөр күтпөгөн сюрприз номерлерибиз да бар.
Динара Асылбекова, NazarNews.kg