www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары тармактык комитет жактырбай койгон талапкерди президент кызматка дайындаганына нааразы болушту.

Белгилей кетсек, 24-январда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстандын Украинадагы элчилигине Идрис Кадыркуловдун талапкерлигин колдобой койгон. Бирок ага карабай президент Садыр Жапаров аны кызматка дайындады.

"Бизде бир аз кызык иштер болуп жатат. Идрис Кадыркуловдун талапкерлиги биздин комитетте колдоо тапкан жок, бирок аны бекитип коюшту. Бул туура эмес болуп калды. Анда Тышкы иштер министрлиги бизге алып келбей эле өзүнчө ишин кыла бербейби. Урматтуу төрага, ушул боюнча жакшыраак сүйлөшсөк", — деди депутат Айбек Осмонов.

Буга президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов жооп берип, мамлекет башчы Конституциянын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык парламенттин макулдугусуз дайындоого укуктуу экенин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости