www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көп жылдардан бери балкаймак, майкаймакта жүргөн Жусупбек Шарипов элчилик кызматынан ажырады. Ал учурунда Киевде инженердик-курулуш институтун бүткөн, эми Украинада элчи болгон. Балким атасы Шарип Жээнбековдун жарыгы тийдиби же Кантөрө агасынын шыпаасы тийдиби Жусупбек Шарипов Акаев тарабынан жөлөккө алынып Кара-Суу районунда инструктор болуп жүргөн жеринен Ош шаарына мэр болгончо көтөрүлгөн. Жаңы доорду Токон Шайлиеваны тоголотуп Ысык-Көл облусуна губернатор болуу менен баштаган. 2002-жылы Аксыда болгон окуялардан соң ал тарапты тынчытыш үчүн Акаев аны Жалал-Абадка губернаторлукка которот. Бирок, 2005-жылы мартта качып кеткен соң  Жусупбек Шарипов Курманбек Бакиевге атаандаш болуп президенттикке талапкердигин койот. Ортого Жусупбек Бакиев түшөт, ошондо Жусупбек Шарипов: «Шайлоочулардан сурайын» -дейт. Дагы бир талапкер Феликс Кулов шайлоочуларынан, штабын жетектеген Алмаз Атамбаевден, чуркап жүрүшкөн Садыр Жапаров, Өмүрбек Бабанов сыяктуулардан уруксат албай эле тандем түзүп премьер-министр болгон. Жусупбек Шарипов шайлоочуларына бир жылкы союп, бата алып , талапкердигин алып, Сауд Аравиясына элчи болуп кеткен. Кийин Катар, Мисир, Кувейт, Бахрейнге кошо элчи болгон.2016-жылы үкасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп келген соң, дагы бир үкасы спикер Асылбек Жээнбековго: «Экөөңөр тең чоң кызматта турганыңар туура эмес» -деп спикерден кетирген дешет. 2017-жылы Украинага элчи болгон. Кийин Молдова, Болгария, Румыния кошулган. 2022-жылдын 25-январында бошотулду.  Шарипов Жусупбек Шарипович, экс-президенттин агасы  Украина, Болгария, Румыния,Молдовадагы элчи    2 265 961сом ала турган.   

Элчилердин айлыгы бир мектептин мугалимдерин чогултуп келгендеги бир айлыгына тете. АКШ жана Канададагы өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи экс-президент Роза Отунбаеванын иниси 2020-жылы айлык маяна түрүндө  3 432 793,7  сом алган жана айлык акыларынын деңгээли боюнча элчилердин жана консулдардын сап тизмесинде биринчи орунду ээлейт. Андан тышкары ага тиешелүү      Toyota Land Cruiser, 2018-жылы чыккан, V-4.7  Үй — 160 кв.м.

2.Кытайдагы өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи  3 208 228   22 202 сом - дивиденддер ААК (ишенимдүү башкарууга берилген) 2 батир — 113 кв.м. жана 31 кв.м.

3. Гулнара Клара Самат (экс БШК төрайымы) (Орусия, Армения)  2 389 869 

4. Шарипов Жусупбек Шарипович,экс-президенттин агасы  (Украина, Болгария, Румыния)   2 265 961,  батир (50% үлүш) — 71 кв.м.

5. Жунусов Ибрагим (Өзбекстан)  экс-вице-премьер, 2 223 000   2 939 000 сом (жарандык -укуктук бүтүмдөрдөн кирешелер)   Mercedes Е-320, 1999-жылы чыккан  батир — 68 кв.м.

6. Түштүк Кореядагы өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи  2 198 344   Үй — 110 кв.м.

7. Германия, Дания, Норвегия, Швеция, Сан-Марино, Ватикандагы  өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи   1 805 760   Subaru Tribeca, 2006-жылы чыккан, V-3000    2 үй - 209,6 кв.м. жана 231,5 кв.м.

8. Улуу Британия, Түндүк Ирландиядагы  өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи 1 732 500   батир — 71 кв.м. гараж — 17,2 кв.м. Мурунку элчи Эдил Байсалов вице-премьерди алган.

9. Түркиядагы өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи 1 611 487,38

10. Ибраимов Эрмек Султанович (Беларус, КМШ), экс-премьердин уулу,  1 479 097,23     2 135 977,60 сом (башка булактардан кирешелер)   Үйдүн бөлүгү — 320 кв.м.   батир — 82 кв.м.

11. Казакстандагы өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи  1 330 388,08  Lexus RX-330, 2004-жылы чыккан, V-3311  батир — 100,6 кв.м.

12. Катар, Кувейттеги өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи 1 323 826  жер тилкеси — 5 сотый  батир — 153 кв.м. кампа — 6,5 кв.м. гараж — 22 кв.м.

13. Абдуразаков Авазбек Ишенбаевич,экс мамлекеттик катчынын уулу,  977 882,5  Акционердик коом (ишенимдүү башкарууга берилген) — 12%  батир — 80 кв.м.  үй — 200 кв.м. көп жылдык өсүмдүктөр — 500 кв.м.

Өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчилердин мыктылары эле ушулар, дагы бир топ элчилер бар. Калганы эмкиде...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости