www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каалаган талапкерге добуш берүү мүмкүнчүлүгү болсо, эл үчүн кызмат кылам дегендер бийликке келмек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов билдирди.

"Чындыгында сиздердин купулуңуздарга толбогон партиялар шайлоого аттанганын көрүп, зээниңиздер кейип калган учур болуп келет эмеспи. А бирок, ошол партиянын тизмесинде сиз күткөн, сиз сыйлаган же сизди канааттандырган бир талапкер болуп калышы толук мүмкүн. Ошондо сиз буга чейин түз ошол талапкерге гана добушуңузду бере алчу мүмкүнчүлүккө ээ эмес элеңиз. Ушул мүмкүнчүлүктү колдонуу маселесин карап, БШКга суроо узаттык. Борбордук Шайлоо Комитетинин төрайымы мындай мүмкүнчүлүктү толук колдонууга бизде керектүү жабдыктар, заманбап техника бар экенин билдирди. Ушундай ыкманы бир топ демократиялык өлкөлөр колдонуп келээрин билсеңиздер керек. Буйруса, бизде дагы бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, элибиз түздөн-түз , ачык-айкын тандап шайлоо укугуна ээ болуп, легитимдүү шайлоо өткөрүүгө жол ачылмак. Ошондо жалан гана акчалуулар гана келбестен, нагыз карапайым элден чыккан, эл үчүн кызмат кылам дегендер, билимдүү, тажрыйбалуу, ишкер, жетиштүү добуш алган инсандар келмек", - дейт эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости