www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо системасындагы туруктуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, коронавирус пандемиясы учурунда атайылап жогорулатылган баада медициналык каражаттарды сатып алуунун системалуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын май айларында Саламаттыкты сактоо министрлиги эл аралык гранттар жана насыя каражаттары аркылуу жалпы суммасы 1,8 миллион АКШ долларына 67 жасалма желдеткич аппараттарын сатып алышкан, ал эми алардын иш жүзүндөгү базар баасы 600 миң АКШ долларын түзгөн. Мисалга алганда, 40 даана сатылып алынган ар бири 30 миң АКШ долларынан турган желдеткичтер, алардын баасы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин маалымат базасы боюнча 7900 АКШ долларын түзгөн.

Мындан тышкары, 2020-жылдын сентябрь айында Саламаттыкты сактоо министрлиги ар биринин баасы 25 миң АКШ долларынан болгон 27 даана балдарга ылайык жасалма желдеткич аппараттарын сатып алышкан, бирок алардын базар баасы 10 миң АКШ долларынан ашпаган суммада болгон. Ушундай эле абал медициналык мекемелерге дем алууну колдоочу каражаттарды (концентратор) жана функционалдык керебеттерди жеткирүүдө дагы ушундай абалдар байкалууда.

Аталган факты боюнча, КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) фактысына ылайык катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости