www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Аида айым, балдар, анын ичинде эмгек мигранттарынын балдары жөнүндө өтө көйгөйлүү маселе көтөрдүңүз. Алар боюнча так маалымат барбы?

-- Зордук-зомбулукка кабылгандар негизинен мигранттардын балдары. Алар акча табуу үчүн чет жактарга кетерде балдарын чоң ата, чоң энелерине, апче-таежелерине таштап кетишет. Анан алардын дагы өз балдары бар да.

Ортодо пикир келишпестиктер, басынтуулар болот. Азыр атайын программаны, миграцияга кетип жаткан ата-энелердин электрондук базасын түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Буюрса, эмки жумада балдар үйлөрүн, мектеп интернаттарды кыдырып чагабыз.

Мындан тышкары, майып балдар дагы бар. Аларга жөлөк пул төлөнөт. Жаңылбасам, 2022-жылдан баштап ал жөлөк пул эки эсе көбөйгөн. Бирок, аны албагандар да көп экен. Ошону да көзөмөлдөйлү деген пландарыбыз бар. Кудай буюрса, мунун үстүндө иштейбиз.

-- Балдар бакчаларын куруу маселесин кантип чечүү керек деп ойлойсуз?

-- Балдар ар тараптуу өсүүсү үчүн түрдүү багыттагы чыгармачылык ийримдер керек. Бирок, айылдарды мындай коёлу, шаарларда деле балдар бакчасы жетишпесе, анан кайдагы ар тараптуу өнүгүү жөнүндө сөз кылууга болот?

Мен түшүнөм, бул чоң каражатты талап кылат. Бирок, маселени чечүүнүн бир жолу катары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында убактылуу балдар бакчаларын ачууну сунуштап жатабыз. Аны кантип ишке ашыруунун механизмдери али толук иштелип чыга элек. Анткени, жаңыдан иштеп баштадык да. Бирок, ишке ашырса болот.

Булак: Азия News гезити

Последние новости