www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байден Твиттерде франциялык кесиптеши Эммануэль Макронду кайра шайланышы менен куттуктап, Украинаны колдоодон баштап, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкө чейин түрдүү тармактарда мындан аркы кызматташууга даяр экенин билдирди.

"Эмануэль Макронду кайра шайланышы менен куттуктайм. Франция биздин эң эски союздашыбыз жана глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө негизги өнөктөшүбүз. Мен Украинаны колдоо, демократияны коргоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы туруу сыяктуу тыгыз кызматташтыкты улантууну чыдамсыздык менен күтөм", - деп жазган Байден.

Белгилей кетсек, Францияда шайлоонун жыйынгында добуштардын көпчүлүгү (58,32 пайыз) Макронго берилип, атаандашы "Улуттук биримдик" партиясынын лидери Марин Ле Пен артта калган. Мындан улам Франциянын Конституциялык сотунун төрагасы Эммануэль Макрондун келерки беш жылга президент болуп шайланганын 27-апрель күнү расмий жарыялайт.

Франциянын мыйзамдары боюнча, президенттик шайлоо эки тур менен өтүшү мүмкүн. Эгер биринчи турда бир дагы талапкер абсолюттук көпчүлүктүн добушун ала албаса, анда экинчи тур дайындалат. Ага эң көп добуш алган эки талапкер өтөт.

Эске салсак, Макрон алгачкы ирет 2017-жылы 39 жашында президенттикке шайланып, өлкө тарыхындагы Франция Республикасынын эң жаш жетекчиси жана өзүн-өзү көрсөткөн биринчи адам болуп калган. Беш жыл мурун дагы шайлоонун экинчи айлампасында азыркы атаандашы Марин Ле Пенди утуп алган эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости