www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАП) өлкөлүк директору Андреа Баньоли менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Мындан мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана БУУ ДАП 2018-2022-жылга Кыргыз Республикасында БУУ ДАП Өлкөлүк стратегиялык планын ишке ашыруу үчүн өз-ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койгон.

Беш жылдык пландын негизги багыттары катары төмөнкүлөр саналат:

- 2022-жылга карата мектептик тамактанууну жакшыртуу жана бардык мектептерди ысык тамак менен камсыздоо (учурда мектептердин 60% жакыны программа менен камтылган). БУУ ДАП мектеп ашканаларын жабдууга жана кызматкерлерди даярдоого көмөк көрсөтөт;

- калктын аяр катмары арасында азык-түлүк коопсуздугу боюнча абалды жакшыртуу;  

- азык-түлүк коопсуздугун талдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча аналитикалык иш;

- климаттын өзгөрүүсүнө калыптануу жана жаратылыш кырсыктары тобокелдигин кыскартуу.

БУУ ДАП Жашыл климаттык фонддон каржылоо алган Кыргыз Республикасындагы алгачкы уюм болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр Аида Исмаилова БУУ ДАП тарабынан калктын социалдык жактан аяр катмарына көрсөтүлүп жаткан колдоону белгилеп, өнөктөштөргө Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү максаттарга жетишүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости