www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына жаңы жетекчи – Алымкадыр Бейшеналиевди тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.
Вице-премьер-министр жаңы жетекчини тааныштырууда белгилегендей, ушундай кыйын кырдаалда күч-аракетибизди бириктирүү менен саламаттык сактоо тутумундагы маселелерди, биринчи кезекте, COVID-19 илдетине каршы күрөшүү маселесин чечүүбүз зарыл.
«Күн сайын COVID-19 илдетин жугузуп алгандардын саны өсүүдө. Медициналык мекемелердин даярдыгы, мобилдик бригадаларды комплекттөө, зарыл дары-дармек каражаттары менен камсыздоо, кадрдык ресурсту даярдоо – биздин алдыбызда турган артыкчылыктуу милдеттер. Буга катар коронавирустан башка оорулардын алдын алуу жана дарылоо маселеси да көңүлдүн борборунда болушу абзел», - деп жыйынтыктады ал.
Булак: NazarNews.kg