www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн брифингде Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, тышкы чөйрөдө абал оор бойдон калууда. Соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн каржы рынокторунда жогорку туруксуздук байкалууда. Соода жана финансылык операциялар аркылуу рыноктордун байланышы Кыргыз Республикасындагы кырдаалга таасирин аныктайт.

«Ушул кырдаалда Улуттук банктын чаралары терс тышкы факторлорду жумшартууга, баалардын туруктуулугун жана финансылык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган. Бүгүнкү күндө рыноктун активдешүүсү көбүрөөк деңгээлде психологиялык факторлор жана валюта рыногунун күтүүлөрү менен шартталган», - дейт Аида Карабаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости