www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге орусиялык аскерлердин Украинадагы негизги милдети эмне экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Анын айтымында, орус аскерлери Украинанын карапайым калкын коргоодо. Орус аскерлерине каршылык көрсөткөн украиндер өздөрүн «пропаганданын курмандыктары» деп атаган.

Дмитрий Песков Орусия менен НАТОнун кагылышуу коркунучу тууралуу суроого жооп берген жок жана Британиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын мындай мүмкүнчүлүк тууралуу билдирүүлөрүн кабыл алынгыс деп атады.

Орус лидеринин расмий өкүлү ошондой эле «Украинаны демилитаризациялоо операциясынын натыйжасы жана натыйжалуулугу тууралуу айтуу эрте, анын бүтүшүн күтүшүбүз керек» деп түшүндүрдү.

«Көптөгөн орусиялыктардын Украинада туугандары бар жана алардын жүрөгүн оорутуп жатат», - деди ал.

Дмитрий Песков Владимир Путиндин стратегиялык бөгөт коюучу күчтөр жөнүндөгү буйругунан кийин түз кагылышуу коркунучу тууралуу суроону комментарийсиз калтырды.

Россия Федерациясына карата киргизилген чектөөлөр тууралуу суроого жооп берип жатып: «Санкциялар оор, көйгөйлүү, бирок Орусиянын зыяндын ордун толтурууга мүмкүнчүлүгү бар», - деди.

Эске салсак, Украинадагы салгылашуулар бешинчи күндөн бери уланууда. Ошентип, 2022-жылдын 24-февралында орус лидери Владимир Путин атайын аскердик операция башталганын жарыялады. Украинада жана Батышта бул толук масштабдуу басып алуу катары кабыл алынган. 25-февралда Россия Федерациясына каршы катаал экономикалык санкциялар киргизиле баштады.

Курмандыктардын саны эки өлкөнүн аскер кызматкерлеринин арасында да, карапайым калктын арасында да өсүүдө. Европага кеткен украиналык качкындардын саны өсүүдө. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө Орусиянын аракеттерине нааразылык акциялары өтүп жатат.

Последние новости