www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 15-февралда, Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришке ишеним кагаздарын тапшырды.

Аида Касымалиева өзүнүн соцтармактагы жеке баракчасына жазгандай, ал, ошондой эле, КР президенти Садыр Жапаровдун атынан жылуу каалоо-тилектерин айтып, өлкөнүн айлана-чөйрөнү, анын ичинде тоо экосистемасын коргоо боюнча көрүп жаткан чаралары тууралуу маалымат берген.

Өз кезегинде Антониу Гутерриш аны жылуу кабыл алып, Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү максатында мындан аркы ийгиликтүү иш-аракеттерди каалады.

"Ал, ошондой эле, президентке жана өлкө элине чын жүрөктөн салам айтып, Кыргызстанга бир нече жолу келгенин жана кыргыз элин, жаратылышын, тоолорунун кооз жерлерин жылуу сезимдер менен эскерээрин өзгөчө белгиледи. БУУнун башкы катчысы Кыргызстан тоо күн тартибин алдыга жылдырууда лидер экенин баса белгилеп, бул багытта мындан аркы ийгиликтерди каалап өттү", - деп жазат Касымалиева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости