www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин ортончу уулу, ханзаада Эндрю сексуалдык асылуу боюнча АКШда козголгон ишти соттон тышкаркы тартипте жөнгө салды.

Соттук документтерге караганда, ханзаада жабырлануучу Виржиния Жуффреге ири көлөмдө кенемте төлөп берген.

Америкалык тележылдыз герцог Йоркскийди сексуалдык зомбулукка айыптаган. Жуффренин айтымында, ал америкалык бизнесмен Жеффри Эпштейндин мажбурлоосу боюнча секелек кезинде ханзаада менен интимдик байланышта болгон.

Ханзаада Эндрю бул айыптоону бир нече жолу четке каккан. Жыл башында ал аскердик титулдарынан жана королдук милдеттенмелеринен баш тарткан. Буга герцогдун адвокаттарынын секусалдык асылуу ишин токтото албаганы себеп болгон. 2019-жылы Жуффренин иши үчүн ханзаада королдук үй-бүлө мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан баш тарткан.

АКШда Жеффри Эпштейн жашы жете элек кыздарды жыныстык кулчулукка мажбурлоого айыпталган. 2019-жылы августта ал Нью-Йорктогу түрмөдө өз жанын кыйган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости