www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-апрелде уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясына президент да, премьер-министр да көңүл буруусун коомчулук күткөнүн Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева бүгүн 8-апрелдеги парламент отурумунда билдирди:

«Жумушумдан кетпейм, биз ал балдар менен байланышканбыз" деп калп айтпай, ички иштер министри бул жерге келип жооп бериши керек. Мен эртең менен эле президенттен да, премьер-министрден да бул окуяга реакциясын күткөм. Жогорку Кеңеште Башмыйзам каралып жатканда же шайлоого байланыштуу мыйзам каралып жатканда баарыбыз залга толо келебиз. Бирок адам өлүп жатканда көңүл кош мамиле. Парламент бул ишти көзөмөлгө алып, аягына чейин чыгуу керек. Айзаданын апасы кайсы бөлүмгө кайрылган, алар кандай иш алып барган, мунун баарын текшерүү керек. Милиция иштебей жатат, коомчулукта аларга нааразылык күчөдү».

5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы Айзаданын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык милиция аны уурдоого шектүү 31 жаштагы жаран алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

Баштапкы кабарларга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасашкан эмес.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүп жаткан.

Социалдык тармактарда кызды өз убагында издеп таба албаганы үчүн милицияны сындап, ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылууда.

Өз кезегинде, премьер-министр Улукбек Марипов каргашалуу окуяны «элдин жалпы кайгысы» деп, күнөөлүүлөр адилет жана катаал жазага тартыларын убада кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости