www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык сотунун судьясы тарабынан мыйзамсыз баюу фактысы аныкталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК Кыргыз Республикасынын судьялары тарабынан мыйзамсыз баюу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кылмыштын негизинде Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясын «Ж.М.Б.» карата сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Такталгандай, аталган «Ж.М.Б.» аттуу судья мүлктүн көптөгөн объектилерине ээ болгон мыйзамдуу киреше булактары жок болуп, анын ичинде кымбат баалуу кыймылсыз мүлк жана бир катар коммерциялык объекттер, атап айтканда 74 кымбат батир, 19 соода жайы, 10 унаа токтотуучу жай, ошондой эле Бишкек шаарынын "алтын аянты" деп аталган аймагында жайгашкан кымбат баалуу жер тилкелери аныкталган.

Муну менен катар, аталган судья «Ж.М.Б.», кылмыш жолу менен алынган кыймылсыз мүлктүн изин жашыруу максатында, кезегинде эч кандай далилденген мыйзамдуу киреше булактарын жок кылуу үчүн жакын туугандары жана башка адамдарга керектүү сатуу-сатып алуу келишимдерин түзгөн.

Учурда «Ж.М.Б.» судьясына таандык башка декларацияланбаган кыймылсыз мүлк объекттерин аныктоо боюнча бир катар ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, тиешелүү текшерүүлөрдүн жана экспертизалардын натыйжалары боюнча, кылмыш ишинин керектүү материалдары кылмыш ишин козгоого макулдук алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости