www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ШИИББинде ала качуудан каза болгон Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча маалымат жыйын өтүүдө. Анда кылмыш ишинин бетин ачууда көп убакыт талап кылынары айтылды.

"Каза болгон кыздын апасынын арызы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Андан соң тергөөчү сурак жүргүзүп, керектүү документтерди даярдайт. Андан соң ал иш прокуратурага жөнөтүлөт. Кийин сотко өткөрүлөт. Мыйзам боюнча иш ушундай тартипте жүрөт. Мунун баары көп убакытты талап кылат. Мына ушундай бюрократия көп убакытты талап кылат", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын жансыз денеси кечээ 7-апрель күнү табылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости