www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-апрелде, учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча ыкчам жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге өлкөнүн бардык облустарынан саламаттыкты сактоонун аймактык мекемелеринин жетекчилери катышты. Республикадагы азыркы күндөгү эпидемиологиялык кырдаал жана аны жакшыртуу, турукташтыруу боюнча зарыл чаралар талкууланды.

Медициналык мекемелердин жетекчилери коронавирус инфекциясы пандемиясынын мүмкүн болгон үчүнчү толкунуна даярдыгы, керектүү дары-дармектер жана жеке коргоочу каражаттар менен камсыз кылынгандыгы жөнүндө маалымат беришти.

Президент Садыр Жапаров медициналык мекемелерде дары-дармектердин запасы менен жетиштүү камсыздоо жана аларга кошумча койко-орундарды уюштуруу милдетин койду.

Мамлекет башчысы ошондой эле коронавирус инфекциясын жуктурган учурларды эрте аныктоо боюнча иштерди күчөтүүгө көңүл буруп, тест-системалардын кошумча партияларын сатып алуу маселесин тезинен карап чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына каршы күрөшүү жана өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштамалар менен тапшырмалар берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости