www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-спикер Аида Касымалиева эки тараптуу пневмония илдети менен күрөшүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, ал илдетке кабылганын 4-июлда билген.

"Достор, 10-12 күндөн бери COVID-19дун белгилери байкалып, өзүмдү изоляцияга алгам. Үй-бүлөмдү башка жакка жөнөтүп, өзүм үйдө жалгызмын. Тесттин жыйынтыгы таза деп чыккан. Бирок 4-июлда компьютердик томография эки тараптуу пневмонияны көрсөттү. Дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп бардык ийне, дарыларды алдым. Жакшымын, буйруса. Сатурация дагы жакшы. Оору жеңил өттү деп айта албайм, бирок убагында өпкөнү текшерттим. Бардык маселелер боюнча байланышта болуп турдум жана мындан ары да байланышта болом. Эшикке чыга албасам да, координация колдон келет. Амандыгыңыздарды тилейм! Жакындарын жоготкондорго көңүл айтам!", - деп жазган Аида Касымалиева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости