www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу, төраганын орун басары Аида Касымалиева Ташкен шаарында өткөн “Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын диалогу” аталышындагы иш-чарага катышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, баарлашуу аянтчасында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түрмөнстан, Тажикстандын парламент жетекчилери, депутаттары, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү болду.

Отурумда сөз сүйлөгөн Аида Касымалиева Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын башын кошкон аянчанын актуалдуулугуна токтолду.

“Коомдук-саясий кызматтарда, ишкерчилик багытында эмгектенген, ар кандай уюмдарда иш жүргүзгөн аялдар үчүн бул баарлашуу аянтчасы жалпы мамлекеттеги гендердик теңчиликти камсыздоодо мааниси жогору. Ошондой эле аялдар арасында кызматташтыкты арттырууга жана алардын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүп келет”, - деди ал.

Муну менен катар Борбор Азия чөлкөмүндөгү көйгөйлөрдү талкуулап, чечүүдө да салымы чоң экенин айткан Аида Касымалиева, аймактагы өлкөлөрдүн лидер айымдарынын диалогунун алкагында Бишкек шаарында өткөн кыргыз-өзбек ишкер айымдарынын жолугушуусун эске салды.

“Биздин жигердүү кызматташтыгыбыз лидер аялдар арасында гана байланышты чыңдабастан, бардык жаатта алакаларды арттырууга көмөкчү болууда. Андыктан коомсуздук, туруктуулук, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарба, ишкерчилик жана социалдык камсыздоо жаатында да кызматташтыкты кеңейтүүбүз кажет. Айрыкча, аялдардын укугун коргоо менен мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу жаатында байланышты өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ”, - дейт Касымалиева.

Ошондой эле жыйында бир катар маселелер көтөрүлүп, тиешелүү баяндамалар жасалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости