www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башымдан кечирген бул жийиркеничтүү окуя тууралуу сиздерге айтуудан мурун абдан ойлондум. Акыры дагы да болсо келечегимдин жакшы болуп кетишине бир жол табылар бекен деген ойдо тагдырымды баян кылып олтурам. Менин абалымды түшүнгөн мекендештеримдин кеп-кеңештери мага абдан маанилүү.

23 жашымда өзүмдөн он жашка улуу адамга турмушка чыктым. Мойнума алам, мен ал адамды байлыгына, бардар жашоосуна карап тандагам. Балалыгымдан бери жетишпеген жашоо көкөйүмө тийген. Атам менен апамдын бирине тартса, бирине жетпеген айлыгы, байкелеримдин кийими жоктугунан басынып мектепти эрте таштагандары жана дайыма эжелеримдин эски кийимдерин кийип жүрүү мени ушундай тарбиялаган. Бала кезимден «чоңойгондо бай болом» деген бир гана максатым бар эле. Мектепти аяктаган соң көп эле жигиттер менен мамиле курдум. Менин сулуу келбетиме, узун чачыма ашык болгон ал жигиттердин көбүнүн үстүндө үйү, астында машинеси жок болчу. Алардын далайы алсыздыгына арданып же менин талабыма мыскыл күлүп, капа болуп кетишчү. Ошентип жүрүп акыры тилегеним табылып курбумдун тааныштыруусу менен күйөөм менен тааныштым.

Замирдин бардар жашоодо чоңойгонун, үй десе үйү, машине десе машинеси, ал турсун, чакан бизнеси да бар экенин уккам. Андыктан жолуга элегибизде эле ошол адамга турмушка чыгууну максат кылгам. Биринчи жолугушуубуз ресторанда болду, болушунча жасанып бардым. Алгач чирене олтуруп, сынап жаткан Замир бир заматта жумшарып элпектене сыйлап узатты. Аракетимдин текке кетпегенине кубанып, ага жар болорума ишеничим артып калды. Жолугушууларыбыз жөн жерде өтчү эмес. Мыкты деген ресторандарда түштөнүп, эс алуу жайлардын эң сонундары биздики эле. Машинесинин алдына олтуруп анын бир топ убадасын алып, тизмелеп жүрдүм. Мен өзүмдүн машинем, жеке чач тарачым, жеке ашпозчум болушун каалачумун. Замир менин бул кыялдарымдын бирине да «жок» дебей макул болчу. Бирок анын баарын кылам дегени менен үйлөнөрүбүз тууралуу кеп кылбаганына кабатыр элем. Жактырган адамынан үйлөнүү тууралуу сунуш угуу ар бир кыздын кыялы эмеспи. Ошол сөздү күтүп жүргөн бир күнү Замирдин досунун тою болуп Көлгө бардык. Алардын сыйын көргөн соң жумушубуз бар деген шылтоо менен элден бөлүнүп чыктык да, көл жээгиндеги эс алуу жайларынын биринде өргүп түнкү көлдү көрүүгө калдык. Ошол түнү мен биринчи жолу эркек менен болдум. Таза абийирим үчүн Замир ыраазы болду. Бирок дагы деле «алам» деп айтпады. Бул окуядан кийин биздин жолугушууларыбыздын көбү ресторанда эмес, мейманканаларда өтчү болду. Ошентип жүрүп мен кош бойлуу болуп калдым. Баягы Замирден күтүп жүргөн сунушту өзүм ортого салып үйлөндүк. Ченебеген чоң той болду. Ата-энем, бир туугандарым менин бай жерге кеткениме абдан кубанышты. Мен болсо той бүтөр-бүткүчө кычыраган адамдардын арасында жупуну кийинип жүргөн төркүнүм тараптан уялып алар кеткенче шаштым. Байдын катышы бай болот экен да, кайненем менен кайнатамдын тели-теңтуш, тааныш-билиштеринин арты калың конверт тапшырса, алды жер тилкесин, унаа, чет мамлекетке эс алууга жолдомо белек кылышты. Замирдин ата-энеси болсо бизге үч бөлмөлүү батир беришти. Мына сага, кыялдын орундалганы. Ишенесизби, мен ал жерде олтуруп өзүмдү жомокто жүргөндөй сездим. Кара нан менен чоңойгон кыз минтип чоң тойго каарман болот деп ким ойлосун. «Кара кыздын агынан эмес, багынан» деп нике кайыпка ыраазы болуп бактылуу жашап жаттым. Үйлөнгөнүбүзгө алты ай болгондо кызыбыз, бир жарым жылдан кийин уулубуз төрөлдү. Экөө тең атасына окшош. Замир болсо абдан баласаак.

Быйыл жашым отузда, баш кошконубузга жети жыл болду. Балдарыбыз да чоңоюп калышты. Бул аралыкта абдан бактылуу жашадым. Болгон жумушум балдарыма карап, каалаган жайларыма барып эс алуу болду. Күйөөм экөөбүз канча бир чет жерлерди көрүп келүүгө да жетиштик. Эми ал саякаттарды кичине токтото туруп дагы бирди төрөп алайын деп жаткам. Ошол маалда жашообузда жосунсуз бир окуя болуп кетти.

Биз таанышкандан бери эле Замир кумар оюндарына кызыгып барып калчу. Кез-кез мени да ээрчитип алчу. Бирде утулуп, бирде утуп, бирок эч качан андан маселеге кезигип көргөн эмес. Андыктан мен деле анын бул кылыгын кадыресе – байлар кылчу бир жумуш катары эле көрчүмүн. Акыркы эки жылда андай оюнканаларга көп каттай баштады. Мага жакпаганы анын акча уттурганы эмес, күндөп-түндөп, кээде эки сутка деле үйгө келбей койгону эле. Баягыдай жанында жүрө берейин десем, азыр балдардан чыга албайм. Анын айынан таарынышып кеткенибиз да көбөйдү. Бир ирет да бир сутка жок болуп кетип таң азанда келди. Бул жолу демейдегидей болбой эч маанайы жок, санаалуу эле. Анын минтип санаа тартканын буга чейин көргөн эмесмин. Ошондон баштап жарым айдай казиного барганын токтотту. Бир күнү күтпөгөн жерден менин каршы болгонума болбой балдарды таене-таятасыныкына эс алып келишсин деп салып ийди. Ошол эле күнү кечинде эзели өзү аралашпаган ишти кылам деп дүкөнүбүздүн жумуштары менен Таласка кетип калды. Кечке жуук чалып: “Түндө бир киши келип бир нерсе таштайт, алып кой”, - деди. Макул болдум. Замирдин бул аракеттеринин баары пландуу экенин анда билген эмес элем.

Балдарым да, Замир да жок болгонго ал күнү эрте эле жатып алдым. Айткандай, түн бир оокум болуп калганда коңгуроо басылды. Халатымды жамынып чыгып эшикти ачтым. Замир курактуу кырктын тегерегиндеги киши экен. Мен “кир” дебесем деле босогодон өтүп бутун чечти.

– Эмне берет элеңиз? Үйдө Замир жок, - дедим жактырбай.

– Жок экенин билебиз. Силерге бергендей эч кандай карызым жок. Мен аласамды алганы келдим, - деп ички үйгө өттү.

– Биздин да карызыбыз жок, - анын текебер үнүнө жараша мен да катуу жооп бердим.

Бар, – жанагы киши мени кучактап, жийиркеничтүү өпкүлөп жиберди. Колунан араң кутулуп, коркконумдан уктоочу бөлмөгө качыптырмын. Ал мени биротоло бурчка камады. Эми колума илинген маалда телефонум жерге кулап чачырап кетти. Акыры мен ага курман болдум. Каалаганча билгенин кылды. Качан гана ал мени бошоткондо туруп жуунуучу бөлмөгө кирдим. Болуп өткөн окуяга ишенип-ишенбей, ал адам айткан карыз эмне экенине башым жетпей атты. Жуунуп болсом да тигинин чыгып кетишин күтүп олтурдум. Бир далайда келип эшикти тартты да, “ач” дебестен:

Мен күткөндөн да керемет экенсиң. Мынчалык келбеттүү, мынчалык сулуу деп ойлогон эмесмин. Замир карызын ашыгы менен төлөдү, - деп каткырды. Дабышы алыстап барып кайра келди да, – баса, эскертпей калган турбаймынбы, бул тууралуу милицияга кайрылчу болбо. Антсең өзүңдүн эле абийириң ачылат, - деп чыгып кетти.

Мага эми баары түшүнүктүү болду. Жети жыл койнумда жаткан күйөөм ушуну кылыптыр. Ошондо “кирейин десем жер катуу, өлөйүн десем жан таттуу” деген анык мен болдум. Же өзүмдү, же Замирди өлтүрөм деп эртеси кечке ыйлап жаттым. Бирок Замир ошону менен бир жума келбей койду. Чалбайт, чалууларымды албайт. Акыры «карызыңдан кутулдуң. Эми санаасы жок жашай бер. Мени да, эки балаңды да көрбөйсүң» деп жазып жибердим. Балдарымды абдан сагынгам, кийим-кечемди жыйнаштырып төркүнүмө чыгарымда андан кат келди: «Кечирип кой, башка жол жок болчу. Мындай болбогондо менин башым кетмек». Күчүмдү ыйдан чыгарып алып айылга кете бердим.

Айылда бир ай жүрдүм. Шаарга үйгө келгенимде Замир үйдө экен. Мага тик караган жок. Балдарын абдан сагыныптыр. Балдарым да атасын жандарынан чыгаргылары келбей биринен-бири кызганып ага айланчыкташат. Балдарымдын ошол бактылуу кубанычтарына кошо кубана албай тумчугуп турган Замир экөөбүздүн абалыбызды сүрөттөп бере албайм. Замирге болгон жек көрүүм ушунчалык эле, балдарымды андан бөлгүм келбей турса дагы: «Кетип кал», - дедим. Ал унчукпай чыгып кетти. Ошол күндөн баштап кечирим сурап, өзүн-өзү башка койгулап келет. Мурда маданияттуу болуп өз орду менен ичсе, эми дайыны жок иччү болду. Мас болгонунда келип алып:

Мындан ары өмүр бою кулуң болоюн, бир айтканыңды эки кылбайын, кечирим бер, - дейт, бир туруп, - минтип силерден тирүүлөй айрылганча ошондо эле жанымдан айрылып өлүп алсам болмок, азыр жаным тынч жатмакмын. Сен болсо мени жоктоп ыйламаксың, сага барктуу бойдон калмакмын, - деп ыйлайт. Андайда аны менен кошо ыйлап жүрөгүм ооруйт. Ырас, бир кездеги ачуум, ызам тараганы өзүмдү өлтүрөм деген оюмдан кайткам. Бирок эч кечире албай келем. Баарынан да мен азыр таптакыр аны менен бир төшөктө жаткым келбейт. Эркек аттууну жек көрүп калдым. Минтип кыйналып, алыс-жакындан корунуп жашаганча ажырашып алганыбыз жакшыбы дейм. Бирок балдарымды атасыз калтырууга эч кыйбайм. Замир балдарым дегенде, балдарым атасы дегенде ак эткенден так этип турушат. Алар апасынын кандай жарасы бар экенин кайдан билишсин…

Булак: "lady.kg"

Последние новости