www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 25-ноябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин кароону улантууда.
Сот аталган кылмыш ишиндей айыпталуучу болуп өтүп жаткан Аида Салянованы суракка алууга өттү. Сот отурумунун жүрүшүндө Аида Салянова ошол кездеги Нарындын атайын прокурору Майрамбек Акматалиевден башка бир дагы күбө ага каршы көрсөтмө бербегендигин айтты. Бул иш боюнча 24 сурак протоколу бар, ага ылайык Аида Салянованын күнөөсү далилденген.
Айыпталуучунун айтымында, бул документтер иш материалдарды жасалма толтуруу үчүн тиркелген.
«Акматалиев бир нече жолу көрсөтмө берди. Биринчи суракта ал мен жөнүндө бир дагы сөз айткан жок. Ошол эле күнү ал кармалган, андан кийин ал мага каршы көрсөтмө бере баштаган. Мындай кадамды эркиндикке чыгуу үчүн ушундай кылды деп ишенем»,– деди ал.
Булак: NazarNews.kg