www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту бүгүн, 7-февралда Салянова боюнча Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Аида Салянова өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча Бишкек шаардык сотунун өкүмүн комментарий берип,төмөнкүлөрдү айтты:

- Үч айдан берки соттук иште Бишкек шаардык соту биздин сөзүбүздү укпаптыр. Канча жүйөө, канча далилдерди келтиргенибизди эске албаптыр. Жөн эле угумуш болуп коюп эле жүрүшкөн экен. Демек, бул башынан эле цирк болгон экен. Далилдер сотторго да, прокурорлорго да кереги жок болчу. А негизги максат менин мандатымды алуу болчу. Мандатын ала беришсин, ал мен үчүн өзүнчө статус, курал эмес. Мен мандатсыз да элдин таламын талашып, элдин кызыкчылыгы үчүн жасап жаткан иштеримди уланта берем. 3 ай бою адвокаттардын иштери текке кетти, - деди Салянова.

Бишкек шаардык сотунун өкүмү дароо күчүнө кирет. Ага ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы эми Аида Салянованын мандатынан ажыратуусу күтүлөт.

Салянова Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин досу Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес"- деп айып тагылган.

Булак:  NazarNews.kg

Последние новости