www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Аида Салянованын Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан иши 9-январга жылды. Буга Салянованын ооруп жатканы себеп болду. Жактоочу Чынара Жакупбекова Аида Салянова 4-январдан 9-январга чейин ооруканада текшерүүдөн өтөрүн тастыктаган кагаз көрсөттү. Бирок, судья Ирина Воронцова Салянова ооруканада жатпаганын, жөн гана текшерүүдөн өтүп жатканын жүйө кылып, кийинки отурумга келбесе, мажбурлоо менен алып келүүгө аргасыз болорун эскертти. Судья мындан сырткары, Салянованын үй камагында экенин эске салып, ал камактын шарттарын буза берсе баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси көтөрүлөрүн кошумчалады, - деп Азаттык жазып чыкты.
Аида Салянованын дагы бир адвокаты Таалайгүл Токтакунова: Салянова 30-декабрда өзүн жаман сезип, Чүй облустук ооруканасына кайрылганын, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен жүрөгү ооруганы аныкталып, аны ооруканага жаткыруу боюнча чечим кабыл алынганын айткан. “Ооруканага дароо жатыш керек дешти. Бирок, кичинекей баласы болгонуна байланыштуу жаңы жылдан кийин жатат", - деген Токтакунова.
10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Аида Салянованы Кылмыш кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Чечимде депутат өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөрү жазылган.
Ага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес",- деген айып тагылган. П"рокуратура буга далилдер жетиштүү"- деп эсептейт.
Булак: NazarNews.kg