www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы Башкы прокурор жана Юстиция министри, экс-депутат Аида Саляновага карата лицензия боюнча козголгон кылмыш иши бүгүн, 20-июнда кайра каралат. Жакындарынын маалыматында, иш быйыл жаңы кирген кодекстердин негизинде каралмай болду.
Жергиликтүү укук коргоочулар Аида Саляновага байланышкан Жогорку Сотто карала турган ишке көңүл бурууга чакырышты.
Эске салсак, Салянова юстиция министринин милдетин аткарып турган мезгилде "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган.
Бул боюнча 2017-жылы Ленин райондук соту, аны беш жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарып, аны 3 жаштагы кызы он төрт жашка чыкканда өтөмөк. Ушундан улам депутаттык мандатынан да ажыраган. Учурда, А. Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча камакка алынып, бирок, ден соолугуна байланыштуу ооруканага которулган.
Булак:NazarNews.kg