www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө айыпталып жаткан жарандарга сот бүгүн, 27-ноябрда чечим чыгарды.

Өкүмдү Биринчи Май райондук соту чыгарды. Анда айыпталуучу Э.О. 18 жыл 2 айга ал эми А. А. 15 жылга эркинен ажыратылды.

Чыккан өкүмгө макул эместигин Аида Салянова социалдык тармактагы баракчасына түз эфирге чыгып айтууда.

"Бишкек шаардык сотуна биз кайра каралабыз. Соттолгон адамдар мындай буйрукту ким бергенин айтышкан жок. Алар негизи өмүр бою эркинен ажыратылса болмок. Бирок эми алар эртерээк абактан чыкканга аракет кылышат. Булар буйрукту берген адамды айтуу же ошол окуяга эч кандай кызыкчылыктары да жок. Булардын негизги максаты абактан тез чыгуу", - деди Салянова.

Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрга караган түнү Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы өз үйүнөн белгисиз адамдар атып кетип, ал ооруканага жетпей көз жумган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости