www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таласта 101 миллион сомго мектеп курулат

Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Бакай-Ата районунун 1-Май айылындагы Т.Чолушев атындагы мектепти 275 окуучу орундуу 101 млн 115,9 миң сомго курмакчы. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.


Ошол эле учурда, бул каражатка кандайдыр бир окуу жабдыктарын сатып алууга жумшалабы же жокпу, арызда көрсөтүлгөн эмес.

Ошондой эле, Ысык-Көл облусунда Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен үч мектептин курулушу жүрүп жаткандыгын, ага 687 миң доллар (58,3 миллион сом) бөлүнгөнүн кошумчаланган.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын 1-ноябрына карата республиканын 81 мектебине республикалык бюджеттен 103 миллион 65,1 миң сом өлчөмүндө стимулдар бөлүнгөн. Бул каражат мекемелерди курууга, капиталдык оңдоп-түзөөгө жана реконструкциялоого арналган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости