www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кыргыз өзү эл катары дүйнөлүк аренада өнүгүш үчүн Баш мыйзамдан, орус тили алыныш керек», - дейт Тата Улан. Ырчы мындай пикирин өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
«Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» дегенден баштасам, Кыргыз тили жана Кыргыз Өзү Эл катары дүйнөлүк аренада өнүгүш үчүн баш мыйзамдан, орус тили алыныш керек!!! Өнүгүү кайда бар? Бир тилде ойлонуп бир тилде сүйлөгөн мамлекеттерде бар! Анын ичинде мисалы Туркия көп улуттар жашайт баардыгы сыйда бир тилде сүйлөшөт! Бир тилде сүйлөшкөн мамлекетте руханий биримдик пайда болот, ал кайдан келет? Ал кичинекей кезинен баштап кайсыл улуттан болбосун Манасты тааныган Алыкулду жаттаган, Барпыны жаздыка катып окуган болсо... дагы бир жолу кайталайм кайсыл улуттан болбосун Өз мекенин сүйүп жашайт!
А мындай өлкөдө өнүгүү кантип болбосун!?
Техникалык жыйынтыктар оңой эле өтөт Расмий кагаздар иш жүргүзүү процесстер Кыргыз тилине которулат, аны менен бирге, тилдин статусу көтөрүлөт, тил үйрөнгөнгө баарына түрткүү берет, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар Кыргыз тилинде сабак бере башташат, азыркы акыбалда мисалы: Айылдан орусча билбеген 20 дай бала келсе 5 орусча билген балдар учун "профессорлор" сабакты орусча өтүшөт тиги 20 бала орусча түшүнгөнчө 3чү курс болуп, натыйжасында кесибин чала билим болуп бүтүшөт Бул факт!
Эми мугалимдер сабагын Кыргызча өтүп калышканда, демек Кыргыз тилинин терминалогиясы өнүгөт, Мен башка тилди билбегиле деген жерим жок! Кимдин кесибине же жашоосуна керек болсо билишсин, Ар бир нерсенин өнүгүүсүнө Кудайдан койулган ченемдүү мыйзамдары бар, суу куйбасаң гүл өспөйт дегендей, демек тилге муктаждык жаралмайынча өнүкпөйт тескерисинче деградацияга учурайт. А муктаждык болгондо тил кадимкидей өнүгөт, анын артындан китептер жазылат, маданият көтөрүлөт, Элдин аңсезими жогорулайт!
Анан мисалы мен Алматыда чоңойуп орус мектепти бүтүргөм киргиз болчумун кыргызча тантырачымын) түшүнүгүм да башкача болчу намыстанып эле Кыргызча сүйлөп ыр жазып калдым бирок мендей киргиздер миңге бир окшойт) Анан мигранттарды кысым кылат деген маселе жөн эле сөз) Кыргызга кысым кылып кетиришсе жумушун ким кылат? Тескерисинче алар биздин мигранттарга муктаж ошон үчүн биздин өнүгүүнү каалашпайт», - деп жазган ал.
Булак: NazarNews.kg