www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аида Саляновага карата кылмыш иши былтыр жазында ачылган.

Эскерте кетсек, ал 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталууда. Прокуратура буга далилдер жетиштүү деп эсептейт. Жогорку Кеңештеги "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын сотунда судья Ирина Воронцова адвокат Рабига Садыкованын жарыш сөзүн токтотту.

Натыйжада сот процесси нааразылыктар менен коштолуп, чуу чыкты.Судьянын айтуусунда, адвокат буга чейин айтканын кайталоого өтүп жатат.

- Сиз эртең менен айтканынызды кайталап жатасыз. Бул атайын сотту созуу аракети жана сизге дагы сый алып келбейт.

Көпкө созулган талаш-тартыштан кийин сот кайрадан адвокатка жарыш сөздү улантууга мүмкүнчүлүк берди, бирок кайталанма сөздөр коштолсо анын сөзү токтотуларын эскертти.

Рабига Садыкова бүгүн эртең мененки саат тогузда жарыш сөздү баштап, азыркыга чейин сүйлөп жатат.

Адвокаттан кийин Салянова өзү акыркы сөзүн сүйлөйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости