www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту бүгүн Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын аппелляциялык арызын кароону улантат. 5-февралдагы жараянда тараптардын жарыш сөзү бүткөн эмес, жараян бүгүнкүгө белгиленген. Эреже боюнча жарыш сөздөн кийин айыпталуучуга акыркы сөз берилип, андан соң чечим окулууга тийиш.

Кечээ прокуратура Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, Аида Салянованы үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 8 жылга кесүүнү, жазаны дароо өтөө тууралуу чечим чыгарууну соттон сураган. Ага чейин Салянованын адвокаты Чынара Жакупбекова депутатка карата Бишкектин Ленин райондук соту мыйзам бузуу менен чечим чыгарганын билдирип, аны актоону өтүнгөн.

Депутат Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости