www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аида Салянова депутат Самаковго жооп берди

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова депутат Кубанычбек Самаковго соцтармактагы баракчасы аркылуу жооп берди. Анда ал мурда башкы прокурор болуп иштеп жактанда депутаттын атасы Карганбек Самаковго каршы кылмыш иши козголгонун айтып өткөн.

«Башкы прокурор болуп турганда атасы Карганбек Самаковго тийиштүү кылмыш иши тергелип баштаган. Парламенттин трибунасын жеке кызыкчылыкка колдонгону дурус эмес. Ыйык орозо айынын алдында жооп кайтарганды туура көрбөдүм», — деп жазган Салянова.

Буга чейин эл өкүлү Кубанычбек Самаков Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаевадан 2013-жылы Азиз Батукаевди жаза өтөө мөөнөтү бүтө электе бошотуу иши боюнча канча киши жоопко тартылганын, анын ичинде ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянованын иши боюнча сураган эле. Үмүткан Конкубаева ал иш боюнча тиешеси бар бардык кызматкерлер жазасын алганын билдирген. Кубанычбек Самаков башкы прокурордун орун басарынан маалымат жашыруун болбосо кат түрүндө жооп күтөрүн кошумчалаган.

Последние новости