www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франция президенти Эммануэль Макрон АКШдан Украина үчүн коопсуздук кепилдиктерин алууга жасаган аракеттери текке кеткен убакыт болду деп жазат Politico.
"[Макрон] Трамп жардам боюнча так убада берген жок деп айтты. Ошондуктан бул маселе боюнча стратегиялык белгисиздик дагы эле сакталууда", – деп билдирген басылмага аты аталбаган дипломат.
Жогорку даражалуу европалык аткаминердин айтымында, Макрондун АКШга сапары пайдасыз болду. Дагы бир дипломат Европанын Украина маселесинде жалгыз калганын белгилеген.
Макалада Вашингтондун Украина боюнча кандай чечим кабыл аларын эч ким так билбегендиктен, европалык лидерлер бирдиктүү позиция иштеп чыгууга аракет кылып жатканы айтылат.
Эске салсак, Макрон дүйшөмбү күнү Ак үйдө Трамп менен жолугушкан.
Ал эми Telegraph басылмасы Британия өкмөтүндөгү булактарына таянып, Улуу Британия менен Франциянын лидерлери Украинадагы согуш аяктагандан кийин ал жакка "тынчтык орнотуучу күчтөрдү" биргелешип жөнөтүү боюнча жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген.