www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы маани-маңызы жок согушка "миллиарддарды, миллиарддаган доллар" жумшоо ниети жоктугун айтты.
"Украинадагы мааниси жок согушка премьер-министр (Улуу Британиянын өкмөт башчысы Кир Стармер - ред.) же башкалар сыяктуу миллиарддарды, миллиарддаган долларды төлөгүм келбейт", — деди Трамп аталган өкмөт башчы Стармер менен биргеликте берген маалымат жыйын учурунда.
Ал жолугушуу учурунда Украинанын НАТОго кирбей турганын да айтты.
"Ишке ашпай турганы нерсе", — деген ал журналисттин бул жааттагы суроосуна жообун узатып жатып.
Мындан сырткары, Украинадагы согуш отунун токтошу алардын тынчтыкка жасаган кезектеги кадамы экендигин белгилеген.
"Биз жасай турган кезектеги кадам — кармашууну токтото ала турган макулдашуу, бул тез эле болот деп ойлойм", — деген АКШ президенти.
Трамп киев режиминин жетекчиси Владимир Зеленский менен мамилеси илгертен эле жакшы экенин, болгону акыркы учурда сууй түшкөнүн белгилеген. Ал эми аны "диктатор" деп атаганы тууралуу суроого "ошентип айттымбы, ишене албай турам" деп билдирди.