www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Блогер өзүнүн BMW унаасы менен скутерди сүзүп, 17 жаштагы өспүрүм каза болду. Маалыматты Милициянын кайгуул кызматынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, кырсык 25-февралда болгон. BMW унаасы магистралда кетип бара жатып, Асылкеч көчөсүнүн кесилишинде магистралга бурулуп жаткан скутерди сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен скутердин 17 жаштагы айдоочусу Тез жардам кызматы барганга чейин каза болгон.
Каза болгон өспүрүмдүн агасы журналисттерге билдиргендей, рулда белгилүү блогер Манас Эгембердиев болгон. Анын айтымында, блогер катуу ылдамдыкта бара жаткан. Ал ошондой эле Тез жардам кызматын бир сааттай күтүп калышканын айтты. Маркумдун агасы блогер жазадан кутулуп кетет деп кооптонуп жатканын билдирген.
«Бардык чогултулган материалдар тергөө кызматына өткөрүп берилди. Унаа айып короого киргизилди. Айдоочу кармалган, бирок убактылуу кармоочу жайга киргизиле элек»,- деп айтылат милициянын маалыматында.