www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аида Салянова кайрадан “саясый капканга” кабылабы?

Бишкек шаарынын бир мандаттуу Свердлов округунан Аида Салянова депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүп, коомдук иштерге аралашып, активдүүлүгүн көрсөтө баштады. Билими, тажрыйбасы жагынан кеп жок. Каражаты деле жетиштүү.

Эгерде шайлоодо алдын ала туура анализ жасап, үгүтчүлөрдү иштетүүнү жакшылап колго алса, ийгилик жылмайышы ажеп эмес. Бир мандаттуу округдардан аял талапкерлердин Жогорку Кеңешке келбегени белгилүү. Бул өңүттөн музду жармак.

Бирок, соңку убакта Аида айым бийликтин айрым төбөлдөрүнө жакпай атканын эшиттик. Сыягы, саясый күрөштө кыйналып калчудай.

Анан калса, эски иштерин кайрадан козгоо жагы да тар чөйрөдө талкууга алынып атыптыр. Кайрадан “капканга” түшөбү?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости