www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чек арадагы жаңжалдан улам талкаланып, кийин кайра калыбына келтирилген үйлөр тешилип жатат. Бул тууралуу экс-депутат Гүлгакы Мамасалиева айтып чыкты.
«Бийлик көк бет, баткен элин нааразы кылып, өзү элдин үнүн укпаганы аз келгенсип, сүйлөсө элдин оозун тыйып баса калат! Былтыркы куруп берген үйлөрдүн кебетесин көргүлө.
Мамасалиева белгилегендей, бийлик куруп берген үйлөр өрткө жана курал огуна туруштук бербейт:
«Кечээги атышууда жаңы үйлөр элек болуп калган, тешилип. Ташиев өзүбүз чыгымды толуктайбыз деди эле, тажик мамлекетин аяп. азырка дери мал мүлк жоготууларын бийлик толуктап бере элек. Салып жатканда айтканбыз: бул үйлөр өрткө жана курал огуна туруштук бербейт деп. Элди жетимсиретип сапатсыз, жука үй салышты»
Ошондой эле активист чек ара аймагына курулган мындай үйлөр талапка жооп бербей турганын кошумчалаган:
«Бул үйлөрдү сыртынан бышыкташ керек. Чек арада мындай үйлөрдү салууга болбойт: кирпичтен, жер төлөсү бар үйлөр керек. Оңдоп, сыртынан кирпич менен бышыктап, былтыркы болгон чыгымдарын төлөп берүүсүн талап кыламын!»
Булак: Batken.press