www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аида Салянова жаңы кызматка шайланды

Экс-башкы прокурор Аида Салянова Кыргызстандын Шахмат федерациясынын президенти болуп шайланып, кайрылуу жасады. 

— Урматтуу Жалпы жыйындын мүчөлөрү, машыктыруучулар, шахматчылар, ардагерлер, ата-энелер жана шахматтын өнүгүшүнө өмүрүн арнап келе жаткан бардык замандаштарым!

Эң оболу мага көрсөткөн ишенимиңиздер үчүн чын жүрөктөн терең ыраазычылык билдирем. Кыргыз шахмат союзунун президенти болуп шайланышым бул чоң сыймык гана эмес, эң оболу бүтүндөй шахмат коомчулугу жана өлкө алдында өтө чоң жоопкерчилик.

Бүгүнкү күндө заманбап дүйнөдө ийгилик бир адамдын аракети менен эмес, күчтүү команданын биримдиги менен жаралат. Мен биздин уюмдун эң чоң артыкчылыгы адамдар деп эсептейм. Алар: машыктыруучулар, уюштуруучулар, калыстар, демилгечил жарандар, ата-энелер жана, албетте, шахматчылардын өзү. Биз тажрыйбаны, кесипкөйлүктү жана жалпы максатты бириктиргенде гана кыргыз шахматын сапаттык жаңы деңгээлге көтөрө алабыз.

Шахмат бүгүн өлкөнүн адамдык капиталын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыты катары карала баштаганы мени өзгөчө кубандырат. Эң башкысы - элибиздин эң кымбат, эң жарык келечеги болгон балдар акыры интеллектуалдык өнүгүү үчүн тийиштүү көңүлгө, камкордукка жана мүмкүнчүлүктөргө ээ боло баштайт.

Шахматты мамлекеттик деңгээлде колдоо бул спортту гана колдоо эмес. Бул улуттун ой жүгүртүүсүнө, атаандашты сыйлай билген, жоопкерчиликтүү жана туура чечим кабыл ала алган жаңы муунду тарбиялоого жасалган инвестиция.

Мамлекет тарабынан шахматка көрсөтүлүп жаткан тарыхый деңгээлдеги колдоо бул жаңы мүмкүнчүлүктөр гана эмес, абдан чоң жоопкерчилик. Биз бул ишенимди конкреттүү жыйынтыктар, системалуу эмгек жана ар бир сомду натыйжалуу пайдалануу менен актоого милдеттүүбүз.

Бүгүн бизден азыркы системаны сактап калуу эмес, жаңычыл ой жүгүртүү жана жаңыча аракет талап кылынат. Шахмат өлкөнүн заманбап билим берүү, санариптик жана интеллектуалдык чөйрөсүнүн ажырагыс бөлүгүнө айланышы керек. Биз балдарды даярдоодо, машыктыруучулардын квалификациясын жогорулатууда, процесстерди санариптештирүүдө жана коомдо шахмат маданиятын жайылтууда жаңы ыкмаларды түзүүгө милдеттүүбүз.

Биздин максат короодогу жана мектептеги шахматтан эл аралык жетишкендиктерге чейин, өзүнчө демилгелерден мамлекеттик бирдиктүү өнүгүү стратегиясына чейин туруктуу системаны куруу.

Бүгүн шахматты өнүктүрүүгө өлкөнүн эң жогорку мамлекеттик деңгээлинде көңүл бурулуп баштаганы бизге өзгөчө жоопкерчилик жүктөйт. Өлкө Президентинин колдоосу алдыбызда уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Биз шахмат Кыргызстанды дүйнөгө тааныта турган интеллектуалдык бренддердин бирине, жаңы муундун ой жүгүртүүсү менен стратегиялык маданиятын калыптандыруучу күчкө айлана аларын далилдешибиз керек.

Алдыда чоң эмгек турат. Ал кесипкөйлүктү, ачыктыкты, биримдикти жана толук берилүүнү талап кылат. Биз биргеликте заманбап, күчтүү жана кадыр-барктуу шахмат системасын түзө алабыз деп терең ишенем. Мындай система менен бүтүндөй өлкө сыймыктанат!, - деп билдирди. 

Последние новости