www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Hyundai Accent унаасынын айдоочусу ЖКККББ кызматкеринин талабына баш ийбей, аны Юнусалиев көчөсүндө капотто сүйрөдү.
Буга чейин окуянын видеосу тараган болчу.
ЖКККББнын маалыматы боюнча, 23-майда саат 14:30 чамасында жарандар Юнусалиев көчөсүндө Hyundai Accent жана Hyundai Avante унааларынын катышуусунда болгон анча чоң эмес жол кырсыгы боюнча инспекторлорго кайрылышкан.
Документтерди тариздөө учурунда Hyundai Accent унаасынын айдоочусу протокол түзүү үчүн документтерин берүүдөн баш тарткан. Андан соң ал ЖКККББ кызматкери унаанын алдында турганына карабай унааны айдап, окуя болгон жерден качууга аракет кылган. Натыйжада инспектор унаанын капотунда сүйрөлгөн.
Унаа токтотулуп, айдоочу кармалды.
Бул факт боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголду. Кармалган жаран Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.