www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акаев – «Центерранын» анабашы
Аскар Акаев «Центерранын» анабашы. 2003-жылы Кумтөрдө Кыргызстандын үлүшү 67% болуп турганда, Акаев жана Канададагы табакташтары «Центерраны» түзүшкөн. Көз боемочулуктун натыйжасында Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшү 33% болуп калган. Анын да 17% Акаев дароо сатып жиберген. (Акаевдар «Центерранын» акционери экени айтылып келет)...
Акаев түзгөн мына ошол «Центерра» Кыргызстанды көптөгөн жылдар бою алдап, Кумтөрдөн жүздөгөн тонна, тагырагы 400 тоннадан ашуун алтын алып чыгып кетти.
Мына ушул «Центерранын» анабашы Акаев менен Садыр Жапаров тил табышты. Акаев Бишкекке биринчи келгенде резиденцияда кабыл алып сыйлады. Экинчи жолу келгенде «Кумтөр иши боюнча толук акталганын» жарыя кылды.
Акаев экинчи суракка 14-декабрда келди. УКМКада бир-эки күн суракта болуп, кайра Москвага кетти акталдым деп.
Акаевдин акталуусунан кийин шек жараткан суроолор, жагдайлар пайда болду.
Карап көрүңүз:
Акаев келген мезгилде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун бир билдирүүсү чыкты. Анда ал «Садыр Жапаров «Центерра» менен сүйлөшүүнү 23-декабрга карай аякта деп тапшырма берди» деген эле.
Мына ушул синхрондошкон кыймылдар, алардын натыйжалары түрдүү түкшүмөл жана күмөндөрдү жаратууда.
Биринчи шектүү суроо:
Акаев «Центерранын» негиздөөчүсү жана акционери катары бийликтегилер менен сүйлөшүүгө келдиби?
Экинчи суроо:
Акаев ортомчулук миссиясын аткарып жатабы?
Үчүнчү суроо:
Акаевдин акталышына эмне себеп болду? «Центеррадагы» үлүшүн тийиштүүлөргө өткөрүп бердиби?
Анткени элдин назарынан калган, кендерин сатып чыккынчылык кылган адамды резиденцияда сыйлап, анан толук актап жиберүүнү башкача түшүнүү жана жоромолдоо мүмкүн эмес...
Айданбек Акматов, эркин журналист
Булак: NazarNews.kg