www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“NazarNews.kg” маалымат агенттиги саяий эксперт, көз карандысыз журналист Айданбек Акматовду кепке тартып,  сатыш керек деген “Кумтөр”  маселеси жана кымбаттайт деп элди ойлондуруп жаткан  газ маселеси  боюнча баарлашып, анализин, омоктуу ойлорун уктук.

--Айданбек мырза, неге мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, парламенттин айрым депутаттары «Кумтөрдү» сатыш керек деген маселе көтөрө башташты? Кумтөр сатылса эле маселе чечилип, баары ойдогудай болуп калабы?

--«Кумтөрдү» сатуу жөнүндө сөз болгондо бир нерсеге тактык киргизип коюш керек. Сөз «Кумтөрдү» эмес, "Центеррадагы" Кыргызстандын 26% үлүшүнүн кайсы бир бөлүгүн сатуу жөнүндө болуп жатса керек деп ойлоймун. Анткени «Кумтөр» кени мына ошол "Центеррага" берилген. "Центерранын" акциясынын 26% кыргыз өкмөтү ээлик кылат. Бирок, 26% акция менен Кыргызстан "Центерранын" ишине эч аралаша албайт, көзөмөлдөй албайт, таасир эте албайт.

Өзүңүз байкап көрүңүз, "Центерранын" Директорлор кеңеши 12 кишиден турат. Кыргызстандан 3 киши ага мүчө. Бул үч киши "Центеррада" чечим кабыл алууга эч кандай таасир эте албайт. Добуш жетишпейт. Ошонун айынан Кыргызстан "Центерранын" ишине эч таасир эте албай келатат. "Центерранын" негизги байлыгы «Кумтөрдөгү» алтын кен. Кумтөрдүн иши бүтсө же алтын казылып бүтсө, анда "Центерранын" акциялары күчүн жоготуп, жөнөкөй кагазга айланып калышы мүмкүн.

Мына ушул жагын катуу иликтеш керек, байкаш керек. Эгерде “Центерранын” күнү бүтүп баратса, анда биздин акциялардын баалуулугу да жоголуп бараткан болот. Учурда "Центеррадагы" Кыргызстандын акциясынын баасы 500млн. доллардын тегерегиндеги сумманы түзөт. Айрымдар мына ушул акциянын жарымын же кайсы бир бөлүгүн сатып, таажы вирустан алсыраган экономикага салалы деп жатат окшойт. Бул нерсе кайсы учурда алгылыктуу болорун мен жогоруда белгиледим.

Мен жеке өзүм, Кыргызстан «Кумтөргө» ээлик кылуунун айласын издеш керек деген пикирдемин. Бул үчүн кыргыз бийлигинде билим, уюшкандык, максатка жетүүдө биримдик жана туруктуулук, ар кандай саткындык саясий оюндардан оолак болгондук керек. Өзүңүз байкап көрүңүз, “Центерра” жыл сайын Кумтөрдөн 17-20 тонна алтын казып алат. Аны 800-900 млн. долларга сатат. Кыргызстан бюджетине төлөгөнү 80-90 млн. доллар. Калган бөлүгүн чыгарып кетип жатат. Албетте, өндүрүшкө, чалгындоого жана башка иштерге мынча чыгым кетти деп олчойто жазып коюшат. Маселен, өткөн жылы андай чыгымдар 350 млн. доллардын тегерегинде болгон деп жазышкан. Бирок чынында канча каражат сарпталганын биз так билбейбиз. Анткени, бизди бухгалтериясына жолотпойт. Эл аралык “Mining.com” талдоо борборунун эсебине карап көрсөк, “Центерра” бизди кызылдай алдап жатканын байкайбыз.  “Mining.com”дун эсеби боюнча “Центерра” Кумтөрдө 1 унций алтын казып алуу үчүн 2019-жылы 553 доллар сарптаган. Өткөн жылы жалпысынан Кумтөрдөн 600 миң 201 унций же 19 тоннага жакын алтын казып алган. Эл аралык базарда бир унций алтындын баасы өткөн жылы 1300-1400 доллар болуп турган. Азыркы күндө ал 1700 доллардан ашып баратат. Демек, “Центерра” бир унций алтындан өткөн жылы кеминде 800 доллар пайда көрүп турган, же 500 млн. доллардан ашык акчаны таза алып чыгып кеткен. Быйылкы баа менен 700 млн. доллардан ашык алып кетет. Кыргыз бюджетине калтырганы болгону 80-90 млн. доллар. Бул эмне деген адилетсиздик, талап-тоноочулук?! Бул нерсе 1997-жылдан бери уланып келатат. Мына ушул адилетсиздикке чек коюу үчүн Кыргызстан президенти, парламенти «Кумтөр» маселесин форс-мажор иретинде кароого тийиш. Азыр чынында эле форс-мажор кырдаал. Таажы вирус Кыргызстанды өтө оор абалга алып келди. Экономика шал абалга туш болду. Мамлекет сырттан карыз алып, тышкы карыздарды төлөө мөөнөтүн узартууну жалдырап сурап, эптеп бюджеттик милдеттенмелерин аткарууга аракет жасап жатат. Ал эми “Центерра” Кыргызстандын алтынына туйтунуп, кутуруп жатат.Жүздөгөн миллион долларларды чыгарып кетип жатат.

--«Кумтөрдү» көзөмөлгө алууга аракет кылган учурда дагы экологияга келтирген зыяндарынын кесепеттери оңой эмес экени айтылат. Эгер сатып жиберсек, аларды тескеген мүмкүнчүлүктөн биртоло ажырап калбайбызбы?

--«Кумтөр» кенин иштетүүдөн пайда болгон уулуу заттар сакталган жайлардын кесепети канчалык коркунучтуу экенин көптөгөн комиссиялардын иликтөөсү ачыктаган. Кыргыз өкмөтү бул ишти жөнгө салуу максатында “Центерраны” сотко да берген. Бирок Атамбаевдин доорунда ал соттун келечеги болгон эмес. Алыс барбай токтоп калган. “Центерра” кайрадан каалаганын жасоого киришкен. Бул маселени карап, так баа берүү үчүн, маселени Кыргыз элинин, мамлекетинин пайдасына чечүү үчүн президент, өкмөт, парламент бир багытта, уюшкандык менен иш жүргүзүш керек. Чачкын болуп, ар ким ар кайда тарта баштаса, натыйжа болбойт. Аны өткөн мезгил көрсөттү.

--Беларусь президентти Лукашенко арзан газды дагы арзандат деп талап кылып жатат. Неге биз арзандат дегенге батына албайбыз?

--Бул суроону мен да берип жатам. Жооп да бар. Лукашенко президент мезгизилинде Беларусту ар тарабынан жетиштүү, чыныгы көз карандысыз, экономикасы диверсификациялаган, өнүккөн мамлекетке айлантты. Өлкөнүн кызыкчылыгын абдан катуу коргогон мыкты президент болду. Экономикасы мыкты абалда турган, эч кимден көз каранды эмес, мүнөзү да күчтүү Лукашенко Путин, Европа лидерлери жана башка лидерлер менен тең ата сүйлөшөт. Лукашенко ошондуктан газ, мунай боюнча Россия менен тынымсыз “салгылашып” соодалашып келатат. Маселени Беларустун пайдасына чечип келатат. Бүгүнкү күндө ал 1 миң кубометр орус газын 127 доллардан алып жатат. Бирок, аны 40-45 долларга түшүр деген талапты Москвага коюп жатат. Россия менен мунай согушунда да Беларусь соңунда жеңүүчү болуп чыкты. Биз эмне үчүн арзандат деп батына албайбыз? Ага эрк жана мүнөз жетишпейт. Бирок бул нерсе орус президенти, өкмөтүнө ачык айтылыш керек. Россия дүйнөдөгү эң бай мамлекет Германияга 1 миң кубометр газды 80 доллардан сатып жаткан мезгилде, эң жарды мамлекеттер катарына кирген, стратегиялык өнөк Кыргызстанга 260-270 доллардан сатып жатат. Бул эмне деген соода? Терисин сыйрып алуу эмеспи? Мына ушул нерселер айтылыш керек.

--Газдын баасынын жогорулашы «Кыргызгазды» карызы менен бир долларга сатып жибердик деп сатканыбызга кубанганыбыздын кесепетиби?

 --“Кыргызгазды” бүтүндөй инфраструктурасы менен менен 1 долларга сатуу өтө уят, кыргыз мамлекетинин энергетикалык коопсуздугуна абдан катуу сокку урган чечим болгон. Тилекке каршы, анын терс таасир келечекте дагы тийе берет. Анткени биз өзүбүз газ саясатына таасир этүү мүмкүнчүлүгүнөн такыр ажырап калдык. “Кыргызгазды” башкара албай калдык, иштете албай калдык”- деген чоркоктук, алсыздык, алысты көрө албаган сокур саясат менен стратегиялык тармакты башка мамлекеттин колуна салып бердик. Эми алар каалаганын кылып жатат. Өзбекстандан газды арзан алып, бизге эселеп кымбат сатып жатат. Кошуна мамлекет Өзбекстан менен утурумдук айрым келишпестик айынан “Кыргызгазды” 1 долларга белектеп жиберди. Мезгили менен Өзбекстан менен мамиле жакшырды. Бирок, биз Өзбекстан менен сүйлөшүп, арзан газ алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калдык.

--Атамбаев кетирген катачылыкты азыркы бийлик оңдоп кеткенге мүмкүнчүлүк барбы?

--Ага азыркы бийликтин эрки да, чамасы да келбейт. Оюна да келбесе керек.

--Газпром Кыргызстанга эмне кылып берди?

--“Газпром” Кыргызстанды өтө кымбат баада туруктуу түрдө газ менен камсыздап жатат. Айрым спорттук сарайларды курду. Дагы өлкөнү газдаштыруу жагынан айрым иштерди аткарып жатат. Бирок булардын баары биздин өзүбүздүн эсебибизден жасалып жатат. Кирешенин кайсы бир бөлүгүнө жеңил конструкциядагы спорт сарайларды салып берди. Газды кымбат сатуусунан биз көп жоготууларга учурап жатабыз. Анын зыяндарын карап көрүңүз: биринчиси, Газ абдан кымбат болгондуктан калк үйлөрүн жылытууда газ жагуудан качышат. Кышы бою көмүр жагышат. Көмүрдүш ышы кыш бою Бишкекти каптап, Кыргызстан борбору дүйнөдөгү эң абасы булганган шаарга айланды. Бузулган аба адамдын ден соолугуна кандай терс таасир тийгизери баарыбызга белгилүү. Экинчиси, газ долларга бааланат, долларга сатып алынат. Ошондуктан Кыргызстандан доллардын сыртка чыгарылып кетишинин негизги булактарынын бири. Кыргызстанда газды сомго сатып, сомду долларга айлантып алып кетишет. Бул долларга талапты өстүрүп, ал базарда доллар тартыштыгына, анын баасынын өсүшүнө алып келүүдө. Доллар кымбаттаса импорт товарларга баа өсөт. Мына Казакстандан келип жаткан ундун кымбатташы анын далили. Мындай нерселер калктын жакырланышына алып келет. Үчүнчүсү, газга баа канча жогору болсо аны пайдаланган ишканалар өндүргөн товар же продукциянын баасы ошончо кымбат болот. Бул аксиома.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости