www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Австралиянын Виктория штатындагы Уоррнамбул шаарынын мэри Тони Хербертке коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген карантиндин эрежелерин бузганыдыгы үчүн 1044 доллар айып пул салынды. Бул тууралуу CNN билдирди.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактарга чиновниктин сприт ичимдиктерин саткан дүкөндүн жанында сыра ичип турган сүрөтү тараган.
Жаңы киргизилген эрежелерине ылайык, аймакта эки кишиден ашык кишинин чогулуусуна тыюу салыган. Өзгөчөлүктөр сейрек учурларда гана, башкача айтканда кошуналарына жана жумушка баргандарга карата колдонулат.
Херберт кылган катасын моюнуна алып, кечирим сурады.
“Менин ишимдин бир бөлүгү болгондой кийин, бизнес ээлери менен болгон мамилем мыйзам чегинде болду деп ойлогом. Бирок, мен кокустан жаңы эрежелерди бузуп алганымды түшүнүп жатам”,-деди чиновник.
Белгилей кетсек, Австралияда коронавирус жуктургандардын саны 6500дөн ашуун, 65 адам инфекциядан көз жумду.
Булак: NazarNews.kg