www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- УКМКнын аракети жөнүндө эмне айта аласыз. Ири чиновниктердин кармалып эле, кайра чыгып кетүүсү эмнеге байланыштуу. Же бул атайын ушундай саясатпы?
- Ушундай саясат десек болот. Анткени, Жапаров жана Ташиев бийликке келгенде «коррупционерлерди камап, бекер багып отурбайбыз. Андан көрө аларды кустурабыз»-деп жарыялашкан. Ошондуктан айрым адамдар кармалып, кандайдыр бир сумманы төлөгөндөн кийин бошотулуп жатат.
Бирок коомчулукта суроолор көп жаралууда. Айрым учурларда мурунку ири чиновниктер тандамал түрдө кармалып, алардын мүлкүн, бизнесин тартып алып аракети жүрүп жаткандай болууда. Мындай иш өлкөдө ишкерлерге, бай адамдарга терс таасирин тийгизип, алар акча-байлыктарын, бизнесин алып кетүүдө деген сөздөр көп жүрүүдө.
Бул иштер мыйзам талаптарын абдан катуу сактоо менен жана ачык түрдө жүргүзүлүш керек. Ансыз бийлик башындагылар «коррупцияга шектелип кармалгандардын жарым акчасын мамлекетке алып, андан көбүн өздөрү алып жатат» деген ар кандай сөздөр коомчулукта токтобойт. Бул сөздөр бийликти жана ал жүргүзүп жаткан күрөштү дискредитация кылат.
- АКШ Камчы Көлбаев тууралуу бериле турган маалыматка 5 млн. доллар койду. Муну кандай түшүнсө болот? Демек, тиешелүү мамлекеттик мекеменин аны кое бергени туура эмес экенин көрсөтүүдөбү?
- Кошмо Штаттар Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Камчы Көлбаев жана коррупциянын символу катары көрүнүп калган Райымбек Матраимовго абдан тыкыр көз салып жатат. Булар аркылуу Кыргызстандагы саясий кырдаалга да таасир этүү аракети байкалат.
Биринчиден, АКШнын бул саясатын туура кабылдасак, анда Вашингтон Кыргызстан Көлбаев жана Матраимовду камап, кылмыш жана коррупциянын чеңгелинен чыксын, нормалдуу коом курсун деп жатат деп түшүнүшүбүз керек.
Экинчи жагынан, АКШнын геосаясий кызыкчылыгын эске алсак, бул эки фигура Кыргызстанда өтө таасирлүү экенин билебиз. Алар аркылуу жалпы өлкөдөгү кырдаалга таасир этүүгө, керек болсо кырдаалды дестабилдештирүүгө болот. Кыргызстан Россиянын эң жакын өнөгү болуп жатат. Россиянын эң жакын өнөгү болгон өлкөнү дестабилдештирүү Россиянын тынчын алуу, Россиянын айланасында бейстабилдүүлүк орнотуу АКШнын кызыкчылыгында. Анткени, Россия АКШнын эң бир айыгышкан атаандаштарынан, жоолашкан жоолорунан болуп жатат.
- Кадрлардын алмашуусу, б.а октябрь окуяларынан кийин келген чиновниктердин дээрлик көпчүлүгү кызматсыз калганы эмнеден кабар берет?
- Бул мындай болуп жатат. Октябрь окуяларынан кийин парламенттик шайлоого катышкандар, өзгөчө «Мекенчил» партиясы менен парламенттик шайлоого катышкандар бийликке келди. Алар өкмөттө, жер-жерлерде таасирлүү жана маанилүү кызматтарды ээлешти.
Андан кийин президенттик шайлоо болду. Шайлоодон кийин президенттик шайлоо учурунда Жапаровго жакын болгондор у бийликке сүрүлө келип, парламенттик шайлоодо бийликке келгендер сыртка чыгара баштады. Жапаров өзү каалагандай кадр дайындоого киришти, баарын өзү жасап жатат десек болот. Учурда өкмөттө Камчыбек Ташиевге өтө жакын адамдар гана калды. Калгандардын баарын кетирип, Жапаров өзүнүн адамдардын алып келди.
- Кумтөр компаниясы депутаттык комиссиянын түзүлүшүнө тынчыздануу катын жолдоду. Мындай тынчыздануунун себеби эмнеде болушу мүмкүн?
- «Кумтөрдүн» эмгек жамаатынын кайрылуусун окуп көрдүм. «Центерра» эмгек жамааты аркылуу өзүнүн тынчсыздануусун билдирген экен. Алар үчүн ар кандай текшерүү жакпайт. Алар алып жаткан кирешесинен кол үзүп калуудан коркот, кирешесин мурункудай эле күрөктөп ала берүүнү көздөйт.
Бирок, депутаттык комиссиянын натыйжалуу иштешине күмөнүм бар. Анткени, буга чейинки комиссиялардын ишинен көп чуу чыккан, бирок натыйжа чыккан эмес. Бул ирет да ошондой болуп калабы деп чочуймун.
Негизи, Кумтөрдө адилеттүүлүктү орнотуп, Кыргызстан кызыкчылыгын сактоого жетишүү өтө маанилүү. Бүгүнкү күндө алтынга баа абдан жогору. Бир унций алтындын баасы былтыркы жылдары бери дегенде1800 доллардын тегереги болуп келди. «Кумтөрдө» өндүрүлгөн бир унций алтындын өздүк наркы 553 доллар. Байкап көрүңүз, эсептеп көрүңүз «Центерра» эбегейсиз пайдага туйтунуп жатат. Ошол эле учурда биздин мамлекет бюджетинде акчасы жок, дарыгер, мугалимдерге 5-6 миң сомдон араң айлык берип мукурап отурат. Тышкы карыз кокодон алып турат.
«Центерра» жыл сайын 17-20 тонна алтын сатып келатат. Бүгүнкү баа менен ал бюджетке болгону 80-90 млн. доллар гана салык төлөйт. Кирешеси болсо абдан көп. Маселен, жыл сайын «Кумтөрдө» 600 миң унцийдин тегерегинде алтын казып келди. 1 унций алтындын баасы өткөн жылдары 1800-1900 доллардын тегерегинде болуп турду. Демек, 600 миң унций 1800 доллардан сатылса, жалпы баасы алтын 1 млрд. 80 млн. доллар болот. Төлөгөнү 80-90 миллион доллар гана...
Быйыл 510 миң унцийге чейин алтын казабыз деп пландашкан. Алтынга баа азыр бир аз төмөндөп, 1700 доллардын тегеринде болуп жатат. Мындай болгон күндө да бери дегенде 900 млн. долларга алтын сатышат.
«Кумтөрдө» казылып алынган алтындын өздүк наркын жана алтындын базар баасын эсептеп көргөндө, «Центерра» пайдага укмуш туйтунуп жатканы айкын болот. Мына ушул эсепти жакшы жүргүзүп, адилеттүүлүктү орнотуп, кыргыз мамлекетинин, элинин кызыкчылыгын сактоого жетишүү өтө маанилүү.
«Кумтөр» баш болгон алтын кендерде кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгынын корголушу, алтын өндүрүшүнөн жок дегенде 50% таза алтындын казынага алынышы өзгөчө маанилүү. «Центерра» сыяктуу акулалар буга жол бергиси жок. Алар кызылдай кирешесинен ажырагысы келбейт. Ошон үчүн ар кандай кайрылууларды жасап, митаамданып жатат...
Булак: Азия News гезити