www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында 19 жаштагы жигит курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан кулап кетти. Жаш жигит тирүү калган, бирок оор жаракаттарды алды.

Бүгүн, 12-мартта Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 1-мартта болгон. 2002-жылы туулган Ж.Э. Токомбаев көчөсүндөгү 14 кабаттуу үйдүн курулушунда иштеп жаткан.

Жаш жигит Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жеткирилген. Алдын ала маалымат боюнча, ал баш мээсинен жаракат алып, эки буту, эки ийини сынган.

Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 258-беренеси (Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу) менен катталды.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө уланууда.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости