www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кыргызстанда Бөлтүрүктүн алдында оор маселе турат», - деди бүгүн, 21-майда NazarNews маалымат агенттигине эркин журналист Айданбек Акматов.
- Канада Теңиз Бөлтүрүккө кылмыш ишин козгоптур. Эми алар анын колу-бутун кайрыгандын аракетин көрөбү же соодалашууга аргасыз кылайын деп жатышабы?
- Канада тараптан Бөлтүрүккө кылмыш ишинин козголушу күтүлгөн иш эле. Ага таңдануунун кажет жок. Канада бийлиги «Центерранын» кызыкчылыгын коргоп жатат. Демек, өз жарандарынын кызыкчылыгын коргоп жатат. Бөлтүрүк кош жарандуулугу бар экенин маалымдаган. Демек, ага Канадага барууга жол жабылды. Ал Канадага бара албайт. Кыргыз мамлекети аны Канадага өткөрүп да бербейт. Конституция ага жол да бербейт. Ошондуктан Канада ачкан кылмыш иштин келечеги бүдөмүк көрүнөт.
Эми, Кыргызстанда Бөлтүрүктүн алдында оор маселе турат. Ал Кумтөрдү иштетип кетүү. Бул оңой иш эмес. Андан сырткары Бөлтүрүк жана анын кожоюндары Кумтөрдү кезектеги аферага же катастрофага айлантпай, кыргыз мамлекетинин, элинин пайдасына иштетиш керек.
«Центерра» иштеп турганда Кумтөр Кыргызстан бюджетине жыл сайын 80-90 млн. доллар түз салык төлөп келген. Бөлтүрүктөр эми аны эселеп көбөйтүш керек. Эгерде Кумтөрдөн мамлекеттин кирешеси көбөйбөсө, анда ушунча ыр-чыр менен мамлекеттин карамагына алуунун кереги бар беле деген суроо чыгат.
Булак: NazarNews.kg