www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул жолу NazarNews маалымат агенттиги көз карандысыз чыгаан журналист, мыкты саясий эксперт Айданбек Акматов менен ЕАЭС боюнча баарлаштык. 

--Айданбек мырза, Казакстандын президенти кечээ ЕАЭС боюнча катуу билдирүү жасап, орустардын ЕАЭСти саясий биримдикке айлантып жиберүүгө каршы экенин билдирди. Биздин мамлекет да Кыргызстандын  кызыкчылыгын жогору койгон талап коё алабы?

--Тилекке каршы, Кыргызстанда азыркы жетекчилик турганда андай билдирүү кыла албайт. Тескерисинче, Россиянын кызыкчылыгын коргоогон билдирүү жасайт. Сиз өзүңүз айткан Евразия экономикалык биримдигинин президенттеринин виртуалдык саммитинде Беларусь президенти Лукашенко жана Армения лидери Пашинян газдын баасын бычууда жана аны ташуу (транспортировка) тарифи боюнча ЕАЭБдин аймагында бирдиктүү кадамдарды, чечимдерди талап кылды. Бул алардын улуттук кызыкчылыгындагы маселе. Кыргызстан да Беларусь, Армения сыяктуу газ өндүрбөгөн өлкө. Ошондуктан анын орду мына ушул мамлекеттер катарында эле. Бирок Кыргызстан Россия жана Казакстан тарапта болуп, газга баа жана аны ташуу боюнча маселени кийин карашыбыз керек деген позицияны карманды... Сиз билгендей Беларусь Россиядан газды 127 долларга сатып алат. Россия ошол эле кезде Германияга 70-80 доллардан сатат. Кыргызстан үчүн газдын баасын дээрлик эки эсе жогору сатышат. Бүгүнкү күндө Газпром Кыргызстанга 1000 кубметр газды 250-260 доллардан сатат. Доллардын курсуна жараша ал өзгөрүп турат... Беларусь мына ушул адилетсиздик жоюлуп, керек болсо Беларуска газ Россиянын ички базарындагыдай баада болуш керек деген талапты коюп келатат. Москва ага макул болбой келетат... Эмне үчүн Кыргызстан өзүнүн кызыкчылыгына каршы келген мыдай позицияны карманат? Анткени биздин республика Россиядан газ, күйүүчү май, аскердик, азык-түлүк коопсуздук жагынан толук көз каранды болуп калганбыз. Эмгек мигранттарынын маселеси да буга кошумча...

--ЕАЭС мүчө болуп эмне таптык? ЕАЭСтин пайдасын көрдүкпү же зыянын көбүрөөк тарттыкпы?

--Бул талаштуу маселе. Анткени Евразия экономикалык биримдигине кирүү менен биз реэкспорт мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калдык. Бирок, реэкспорт менен жүрө берүү да мүмкүн эмес эле. Бирде болбосо кошуна мамлекеттер чек арасын жабат эле. Биз азыр иш жүзүндө ЕАЭБдин курамында болгондуктан ал берип жаткан мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышыбыз керек. Бул ЕАЭБдин рыногуна өзүбүздүн товарлар, продукциялар менен кирүү. Бул жерде Казакстан тарабынан ар кандай тоскоолдуктар көбүрөөк жасалып келатат. Бул маселени чечишибиз керек. Анан эң башкысы Кыргызстан өзүнүн өндүрүштүк базасын өнүктүрүш керек.Кошуна мамлекеттердин рыногуна батыл кирип барган “Куликов” торт жана таттуулар жасаган компаниялардай ишканаларабыз көп болуш керек. Кийим тигүү цехтерибиз фабрикаларга айланыш керек. Кыргызстан өзүнүн заманбап, сапаттуу товарлары, продукциялары менен ЕАЭБдин базарларын багынтыш керек.

--Эмнегедир ЕАЭСтке мүчө болгондордун көпчүлүгү орустарга далысын салгандай мамиле жасай башташты. Эми ал уюмда Кыргызстан менен Россия эле калып, биз алардын өмүр бою жетегинен чыга албай калабызбы?

--Евразия экономикалык биримдигинин мүчөлөрү арасында карама-каршылыктар көп. Ал табийгий нерсе. Анткени ар бир мамлекет ал уюмдун ичинде өзүнүн улуттук кызыкчылыгын коргойт. Мындай жерде сөзсүз кызыкчылыктардын дал келбөөчүлүгү чыгат. Экономикалык жактан бекем мамлекеттер (Беларусь, Казакстан) өздөрүнүн кызыкчылыктарын батыл коргоп жатат. Биз Москвадан абдан көп жактан көз каранды болуп калгандыктан Кремден кандай инструкция келер экен деп күтүп калабыз...Кыргызстан экономикалык жактан ирденип, өзүнүн маселесин өзү чече баштаганда гана Кремлдин жетегинен чыгышы мүмкүн. Мына ошондо өзүнүн талаптарын бекем кое алат.

--Бүгүн эгемендүүлүктү ойлоп, андан баш тартсак эмне болот? Же алар менен жакшы мамилени сактап, көз каранды болгонубуз туурабы?

--Эгемендүүлүктөн баш тартуу бул жеткен алсыздык жана жетестик болот. Андай ой болбош керек. Евразия экономикалык биримдигинен баш тартуу да туура болбойт. Анткени, биздин стратегиялык өнөктөрүбүз Россия, Казакстан. Биз тарыхый жактан да, табийгий жактан да мына ушул өлкөлөр менен биргебиз. Бул өлкөлөр менен бирге болуп туруп да, Кытай, Индия сыяктуу жаңы рынокторду өздөштүрө берсек болот. Ага эч ким тыю салган эмес. Болгону биз өндүрүшкө басым жасап, заманбап товар, продукция чыгарууга багыт алышыбыз керек. Бул татаал маселе. Бирок, ансыз иш орундары түзүлбөйт, экономика өнүкпөйт. Жаштарыбыздын, дегеле эмгекке жарамдууларыбыздын миграция агымы токтобойт.

--Эмне үчүн карама-каршылык барган сайын тереңдеп жатат? Макулдашылган, жактырылган документти кабыл алышпаганына караганда ача пикир жараткан жагдайлар көппү?

--Жогоруда айтылгандай карама-каршылык бар. Өзгөчө Россия менен Беларусь ортосунда карама-каршылык бар. Бул мунай, газга баа, Беларусь продукцияларын Россияга экспорттоо жагынан келишпестиктер чыгып келет. Беларусь ЕАЭБ өлкөлөрү ичинен эң өнүккөн өлкө. Өндүрүштүк базасы абдан мыкты. Завод, фабрикалары тынымсыз иштеп, модернизацияланып турат. Айыл чарбасы өтө мыкты. Экономикасы экспортко ылайыкташтырылган. Казакстан да ЕАЭБдин кандайдыр бир саясий уюмга айлануусуна кескин каршы туруп келет. Ал тышкы саясатта Европа, АКШ, Кытай, Түркия менен карым-катнашын мурунку абалда сактап, ал эмес өнүктүргүсү, кеңейткиси келет. Армения Россиянын канатынын астында болууга аргасыз. Анткени Түркия, Азербайжан менен карама-каршылыгы аны ушуга мажбур кылат. Кыргызстан абалы жогоруда айткандай абалда... ЕАЭБдин саммитинде 2020-2025 -жылдары ичинде интеграциялык жараяндарды өнүктүрүү боюнча план кабыл алынбай калды. Ага жогорудагы тоскоолдуктар, позициялар мүмкүнчүлүк берген жок. Бирок күзгү саммитте ал кайрадан күн тартибине коюлат. Европа Биримдиги да дароо түзүлгөн эмес. Алардын ичинде да карама-каршылыктар, келишпестиктер көп болгон. ЕАЭБ да ушунтип отуруп мүчө өлкөлөр бир мунасага келет болуш керек деген ойдомун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости