www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Юридикалык жактан "Центеррага" доо коюуга, келишимди өзгөртүүгө жол ачык экени 2010-жылдан бери үч-төрт жолу далилденди.

Биринчиден, Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт башчы болуп турганда Кумтөрдө үлүштөр 50/50% бөлүштүрүлгөн биргелешкен ишкана түзүүгө бардык тарап макул болгон эле. Маселе чечилген эле. Бирок Атамбаев менен Текебаев саясий оюн менен Жантөрө Сатыбалдиевди кызматтан кетирип, келишимди бузганы эсибизде. Сатыбалдиевдин ордуна келген Жоомарт Оторбаев "Центеррадагы" өнөктөрдү алмаштыруу реалдуу экенин билдирип чыкты. Аны ишке ашыруу боюнча аракет жасалып жатканда Атамбаев Оторбаев өкмөтүн кызматтан айдады. Баары мурдагы ордунда калды.

Андан кийин эч ким Кумтөр маселесин козгобой калды. Көпчүлүк депутаттар да, саясатчылар да коркуп да калды, түңүлүп да калды. Анткени баарын Атамбаев көзөмөлдөп турганы, ал турганда Кумтөр боюнча эч нерсе өткөрбөсү анык болуп калган эле. Атамбаев президенттик мөөнөтү аягына чыгып баратканда Сапар Исаков экөө "Центерра" менен сүйлөшүүнү жандантты. Анын жыйынтыгында арасат бир келишимге келишти.

Жээнбеков президент болгондо Абылгазиев Сапар Исаков жетишкен келишимди сынга алып, бул жарабайт деди. Бирок ошол бойдон өзү жарабай калды. Мунун баары Бакиев учурунда Кумтөр боюнча келишим Жогорку Кеңештин, Конституциялык соттун чечимдери менен бекемделип калган, аны өзгөртүүгө болбойт дегендер элдин көзүнө топурак чачып, алдап жатканынын далили. Кумтөрдү элге кайтарууга эрк жана билим, патриоттуулук жана бекемдик гана жетишпейт.

Айданбек Акматов, эркин журналист.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости