www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөрдөгү ашынган коррупция, уурулукту Аскар Акаев ачыш керек», - деди бүгүн, 18-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине эркин журналист Айданбек Акматов.

- Айданбек байке, Кумтөр боюнча кармоолор уланууда. Кечээ мурунку премьер-министр Жооомарт Оторбаев кармалды. Анын Кумтөрдөгү чындыкты айтканга күчү жетеби?

- Кумтөрдөгү ашынган коррупция, уурулукту Аскар Акаев ачыш керек. Кумтөрдөгү коррупциянын эң башкы автору ошол. Калгандары ошонун жолун улагандар. Жоомарт Оторбаевге кайсы учур боюнча айып коюлуп жатканы мага белгисиз. Кандай болгон күндө да ал аткаруучу болгон.

Негизи ал Атамбаев учурунда өкмөт башына келип, «Центерранын» акционерлери менен сүйлөшүп, Директорлор кеңешин өзгөртүүгө аракет жасаган эле. Бирок ишке ашпай калган. Анан көп узабай кызматтан бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости