www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«ЖККУ байкоочу эмес, чечкиндүү иштерге бара ала турган бир муштум механизм болушу керек», - деди бүгүн, 18-сентябрда NazarNews маалымата генттигине Легендарлуу Парламенттин депутаты Жамин Акималиев.

- Жамин агай, президенттин саммитте кыргыз-тажик чек ара маселесин көтөргөнү жана ЖККУ уюмга мүчө болгон мамлекет экинчи мүчө өлкөгө куралдуу кол салганда ыкчам чара көрүү чечим кабыл алуу механизмдерин иштеп чыгуу керек дегени орундуу эле болдубу?

- Садыр Жапаровдун Дүйшөмбү шаарына барып кыргыз-тажик чек ара маселесин ырасмый түрдө көтөргөндүгү абдан туура болду. Эгерде ЖККУ уюмуна мүчө болгон бир мамлекет экинчи мүчө өлкө кол салса, анда Жаматтык Коопсуздук Уюму андай жаңжалды дароо токтотуп, өрттү ошол замат өчүрүшү керек.

Башкача айтканда, ЖККУ байкоочу эмес, чечкиндүү иштерге бара ала турган бир муштум механизм болушу максатка ылайык. Мисалга алсак, Батыштын Түндүк Атлантика уюму НАТОнун жобосу боюнча, алардын катарында турган бир өлкөгө дагы бирөө кол салса - бул жалпы НАТОго кол салуу деп эсептелет да, душманга тайманбай туруп сокку урушат.

ЖККУ дагы ушундай болсо, анда ага мүчө болгон өлкөлөрдүн ортосунда дайыма тынчтык болуп, уруш-талаштарга жол берилбейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости