www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоодо пара алаган Нарындын мэри кармалды

2020-жылкы парламенттик шайлоонун жүрүшүндөгү алдамчылык фактысы менен Нарын шаарынын мэри кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.

Буга чейин аталган шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаты мандатын убадалап 300 миң доллар алган деген шек менен "Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, экс-депутат Ч.Р. кармалган. Укук коргоо органдары жабырлануучу ири өлчөмдө чыгым тартканын айткан.

"Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында далилдүү материалдар чогултулуп, Бишкек шаарынын Свердлов районунун мурдагы акими, азыр Нарын шаарынын мэри Б. С. жогорудагы ишке аралашкан деген шек менен кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул иш боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнө ("Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосун") ылайык өндүрүш ачылган.

Б.С. инициалдарына Самарбек Болотбековдун аты-жөнү туура келүүдө. Ал мурда аталган райондо аким болуп, кийин Нарын шаарына жетекчи катары жиберилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости