www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Айданбек Акматов Кыргызстандын учурдагы абалы, экономикасы тууралуу билдирүү жазып чыкты.

“Кылмыштуу шалаакылык...Коронавирус тумоосу жараткан форс мажор Кыргызстан калкын жакырчылык, ачкачылык жээгине алып келип койду. Өкмөт июнь айында пенсия, айлык акы төлөй албай калабыз деп коркутууда. Эмгек мигранттарынан келип жаткан финансылык агым да токтоп калды. Көпчүлүк калк мына ушул эки финансылык агым менен тиричилик кылып жаткан. Ал булактар көз көрүнөө соолуп баратат.

Чынында абал оор...Мына ушундай учурда Кыргызстандын алтынын “Центерра” баш болгон шылуундар күрөп алып чыгып кетип жатат. Чечим кабыл ала турган президент, өкмөт, парламент кол жайып отурат.

“Центерра” Кумтөрдө бир унций алтын казып алуу үчүн 553 доллар сарптаарын эл аралык “Mining.сom” агенттиги эсептеп чыккан. Бул агенттиктин эсеби боюнча Кумтөрдөн алтын казуу эң арзан. Ал алтын казууда өздүк наркы боюнча эң арзан турган дүйнөдөгү он компаниянын катарына кирет.

“Центерра” бир унций алтынды казып алууга өткөн жылы 553 доллар сарптап, аны 1300-1400 доллардан саткан. Быйыл 1700 доллардан сатып жатат. Тапкан пайдасы бери дегенде 700-800 млн. доллар. Бюджетке бергени 80-90 млн. доллар...

Мына ушундай талап-тоноого жана алдоого өкмөт башчы Абылгазиев алакан жайып, 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 2 млн. доллар дивиденд алабыз деп олтурат.

Бул кылмыштуу шалаакылык...Форс мажор кырдаалда ошого жараша аракет, чечимдер керек”,-деп жазып чыкты журналист.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости