www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урмат Барыктабасов:

Буга чейин жеке ишкер Урмат Барыктабасов эки имаратын сатып, каражатты мамлекеттин пайдасына жумшоо тууралуу сунушун айткан. Бул ирет ал төмөндөгүдөй пикир билдирди. 

"Достор, менин суранычым бар: мага кызмат сунуштабай эле койгулачы. Койгон максатым бар, ошонун аягына чыгайын.
Жарымынан өтүп калдым. Кызыктуу шаарлар, адамдар менен иштеш жыргал, пайдасы да көп. Өзүңөрдүн да, менин да, убактымды албай, дегеним баарына ыраазымын. Араң эле чыдап отурам, жол ачылса эле кетем. Бизнес боюнча сурасаңар жооп берем.

P.S.Кызматты мен эч качан сурабайм. Мен кызматты өзүм түзүп алам, ошого көнгөнмүн.

Ичи тарлыктын туу чокусуна жетиптирбиз. Бекер берсем да, ичи тарыды. Болбой калыптырсынар. Бекер бергенге да эрдик керек, алганга да эрдик керек экен",-дейт ишкер.

Эске сласак, буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетээри жөнүндө сөз болуп, айрымдар Урмат Барыктабасовду да дал ошол кызмат ордуна сунушташкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости